www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМКнын “Альфа” атайын даярдыктагы бөлүгүнүн жетекчисинин орун басары Үсөнбек Ниязбеков 7-августта Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө басып кирүү учурунда көкүрөк тушка ок жеп каза болгон. Кесиптештердин айтымында, 47 жаштагы жоокер өлкөдөгү бирден бир мыкты көзгө атар болчу. Мекениме кызмат кылам деген патриоттук сезим аны алып тынды. Анын артында үй-бүлөсү, алты баласы калды. Кайгыдан көз кашы кургабаган эне уулун төмөнкүдөй эскерип отурду…

Өктөм эже, уулуңуздун арты кайрылуу болсун! Балаңыз эгиздин түгөйү турбайбы?

Үсөнүм менен Асаным – тун балдарым. Андан кийин дагы бир уулум, бир кызым бар. Ошто жашачубуз. Кийин жашоо-шартка байланыштуу иштейм деп Үсөндү ата-энеме бердим. Жети жашка чейин таятасынын тарбиясын алды. Замир деген иним менен бирге чоңойду. Кичинесинде “канча апаң бар?” деп сурасак “Сардал апам, Өктөм апам, Замир апам бар” дечү. Ыраматылык атам өзү согушка катышкан, мекенчил, элим-журтум деген киши эле. Балким, ошол тарбия уулума таасир эттиби, кийин жоокер болом деди. Китеп көп окучу, мектепте жалаң бешке окуду. Ага караганда Асан көчөдө ойноп жүрүп кечинде эгизинин сабагын даяр кылып көчүрүп алчу. Кийин эки балам тең аскердик окуу жайды бүтүштү. Мен жолдошум менен балдарым кичирээк кезинде эле ажырашып кетип, үч балам менен Санкт-Петербург шаарына кеткем. Ошол жакта базарда соода кылып бутума турдум. Төртөөнү окуттум, үйлөнтүп-жайланттым. Үсөндөн башка балдарым азыр деле Санкт-Петербургда турушат. Ар биринин үй-бүлөсү, бала-чакасы бар. Үсөн УКМКда жыйырма жылдан ашуун кызмат кылды. “Балам, пенсияга чыгып силер деле жаныма келгилечи” десем: “Апа, мекенге кызмат кылыш керек, мен мекениме керекмин”,- деп болчу эмес да. Ушул күздө полковник наамын алмак, 6 айдан кийин пенсияга чыгарда минтип сөөгүн кучактап отурбаймынбы!

-Операцияга барары тууралуу кабарыңыз бар беле?

– Жумушу жөнүндө көп айтчу эмес. Сырга бекем болчу. Эки-жакка барган операциялары тууралуу, алган жарааттары жөнүндө мага билдирчү эмес. Кийин уксам көп эле жолу өмүрүнө коркунуч туулуп, далай жараат алган экен. Мен 2003-жылдан бери “Замандаш” ассоциациясындамын. Учурда Санкт-Петербург шаарындагы кыргыз диаспорасынын башчысымын. Ошол учурда жумуштап Бишкекке келгем. 7-августка жакын Атамбаевди күч менен суракка алып келишет экен дегенди кулагым чалды. Балама чалып “ушинтип угуп жатам, ал жакка барбагын” десем: “Апа, бизге андай тапшырма түшкөн жок”,- деди. 7-август күнү кечке телефонун алган жок. Кеч киргенде да чалсам кабар болбоду. Ал ортодо Кой-Таштагы ызы-чууну угуп-көрүп жаттык. Кечинде 24 жаштагы жоокер жарадар болду деген маалымат чыкты. Түн жарымына чейин телефонуна чала бердим. (Ыйлап) Көрсө, ал маалда балам эбак үзүлүп, оорукананын өлүкканасында жатыптыр.

– Суук кабарды ким угузду?

– Келиним экөөбүз уктабай күтүп отурдук. Таң атарда келинимдин телефону шыңгырап калды. Чогуу иштеген Саша деген бала экен. Орустар баарын түз айткан калк эмеспи, “Үсөн каза болуп калды” деп айтканда эсибиз ооп отуруп калдык. Сөөгү кайсы ооруканада экенин билерибиз менен жетип бардык. (Ыйлап) Өлүкканага кирсем байкуш балам созулуп жатат. Эбак эле түнкү он экиде үзүлүптүр. Бир заматта ызы-чуу болуп жатып калдык. Кийин акыл-эсимди жыйып доктурлардан “эмнеге сактай албай калдыңар” десем кан көп кеткенин, кеч алып келишкенин айтышты.

– Кандай шартта каза болгонун кесиптештери айтып бериштиби?

– Ошол жердеги ызы-чуудан кийин Атамбаев тараптагылар спецназга “тынчтык жолу менен сүйлөшөбүз, башчыңар кирсин” дешиптир. Башчысы менин балам да. Куралын тапшырып, колун көтөрүп киргенде колтук тушка атышыптыр. Ок денесин тешип чыгып кеткен дешти. Эми акмактарын карабайсыңарбы, “тынчтык жолу менен чечишебиз” деп алдап кирип алып ок атышканын! Саат тогузда ок жептир. Дароо ооруканага жөнөтпөй кармашкан. Балам эки саат канга чыланып жатып ооруканага он бирге жакын келип түшүптүр. Операция жасап, кан куйганга аракет кылышканда эч майнап болгон эмес. Балким, ошондо дароо ооруканага алып келишкенде дарыгерлер өмүрүн сактап калат беле дейм. Уулум англис тилинде эркин сүйлөчү, өз алдынча түнү-күнү окуп үйрөнгөн. Ошонун аркасы менен БУУнун долбооруна кирип Африкага барып бир жарым жыл кызмат кылган. Чет жакта жүргөн ар бир күнү таң заарда туруп алып Жаратканга жалынып, баламды аман кайтарып бер деп тиленчүмүн. Минтип чет жактан өлбөй мурдакы президенттин – террорчунун колунан ажал таап жатпайбы! Мен Атамбаевди террорчу деп ачык айта алам. Колунда куралы бар, элге коркунуч жараткан адам террорчу эмей, ким?!

– Эненин жүрөгү жамандыкты алдын ала сезет эмеспи. Кырсык болордун алдында белги болгон эмес беле?

– Андан бир топ күн мурда түшүмө Атамбаев кирген. Акаев Москвада, Бакиев Минскиде жүрсө, эми Атамбаев Санкт-Петербургга келеби деп болжоп койдум. Уулум анын азабынан ажал табарын кайдан билдим. Үсөн 8-июль күнү 47 жашын белгилеген. Бул жактан үй-бүлөсү менен тосуптур. Ошондо жүрөгү жамандыкты сезгенби, келинчегине: “Мындан кийин туулган күнүмдү жыл сайын тоспой эле, биротоло элүүгө чыкканда белгилейли”,- дептир.

– Басылмаларда бирде төрт, бирде алты баласы бар деп ар кандай маалымат чыгып жатат…

– Биринчи никесинен төрт баласы бар. Үч уул, бир кыз. Экинчи никесинен бир кыз, бир уулу бар. Балдардын улуусу 24 жашка, кичүүсү бир жарым жашка чыкты. “Өзүбүз жактан ал” деген менин кеңешимден улам алгач Ноокаттан үйлөнгөн болчу. Экөөнүн турмушу жакшы болгон жок. Эки балалуу болгон кезде, ажыраша турган болгондо мен: “Неберелеримди атасыз калтырба, балдарыңды кантип тирүүлөй жетим кыласың?”- деп уруксат бербей койгом. Бир чети балдарын кыйбай, экинчи жагынан менин сөзүмдү жерге таштабай жашап жүрдү. Кийин төрт балалуу болгонуна карабай жашоосу жакшы болбой койду. Байкуш баламдын чайналып жүргөнүн көрүп макулдугумду бергем. Аялы менен расмий түрдө ажырашып, мамлекет берген кызматтык үйүн балдарына таштап, кийимин чогултуп чыгып кеткен. Бул келинимден эки баласы бар. Кызы он үч жашта, уулу бир жарымга чыкты. Өлөрдүн алдында карындашына “бактылуу жашап атам” деп кубанган экен. Бактысы да көпкө созулган жок.

– Келинчеги, балдары куса болуп, издеп жатышкандыр?

– Ажырашса да тапканын балдарына берип, алар менен жолугуп аталык милдетин аткарып жүрдү. Балдары чоңоюп калбадыбы, ыйлап, жоктоп жүрүшөт. 13 жаштагы кызы эч нерсеге көңүлү келбей сулк жатат. Же күйүтүн ыйлап сыртына чыгарып албайт. Ичине түшүп кетти го деп санааркап турам. Бир жарым жаштагы уулун күндө эртең менен көтөрүп сейилдеп, бала бакчага таштап коюп, андан ары жумушуна кетчү экен. Үсөн көп учурда чет жакка чыгып, жумуштап он чакты күн келбей калчу да. Уулу андан түбөлүк айрылганын деле сезбей келип калат деп күтүп жүрсө керек. Кечээ кесиптештери кабинетиндеги сыйлыктарын, медаль, дипломдорун чогултуп келип беришти. Келинчеги аларды жайып алып көпкө ыйлады. Убакыт дарылайт дешет, бирок бүтүндөй бир үй-бүлөнүн, туугандардын жөлөгү болгон уулумдун ордун эч ким толуктай албаса керек.

– Учурда уулуңуздун иши боюнча тергөө жүрүп жатат дешти. Иштин жүрүшүн көзөмөлгө алып жатасызбы?

– Ал иштер боюнча жактоочубуз жүрөт. Мендей энелер ыйлабасын, Атамбаевдей кишилер экинчи бул дүйнөгө жаралбасын! Анын жанында жүргөн Фарид Ниязов, Абдил Сегизбаев, Ирина Карамушкина, Асел Кодурановалар күбө катары эмес, Атамбаевдин өнөктөштөрү катары жоопко тартылуусун талап кылам. Ушул айдын аягында кыркын беребиз. Баш-аягымды жыйнап алып Питерге кайра учам. Каралдым, келатам десем күн-түн дебей тосуп алчу эле. Мен ага кесибине байланышкан китептерден ала келчүмүн. Экөөбүз тээ бир оокумга чейин сагынычыбыз тарамайын сүйлөшүп отурганды жактырчубуз. Эми келген сайын бейитине куран окутуп кете турган болдум! Эми тилегеним, мекенибизде тынчтык орун алсын! Уулум мекендин алдында милдетин аткарды. Баласынан айрылып эң акыркы боздогон эне мен болоюн!

Булак: Lady.kg 

Последние новости