www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Евразиялык патенттик уюму (ЕАПУ) мектеп окуучулары жана студенттер арасында интеллектуалдык менчик маселелерине кызыкчылыгын арттыруу максатында “Келечекке көз караш” аталышындагы Евразия патенттик универсиадасын уюштурууда.
Универсиада 2019-жылдын 1-январынан 9-сентябрга чейин өткөрүлөт.
Эл аралык сынакка:
-10-17 жаштагы мектеп окуучулары «Жомоктон – жашоого: таң каларлык чечимдер”;
-18-25 жашка чейинки студенттер, аспиранттар “Келечек жаштардын көзү менен: идеядан патентке чейин” деген темада өздөрүнүн чыгармачылык иштерин, долбоорлорун сунуштай алат.
Чыгармачылык иштер (долбоорлор) орус тилинде кагаз түрүндө катышуучунун арызы менен бирге 1-январдан 30-апрелге чейин Евразиялык патенттик уюмуна: Россия, 109012, Москва ш., М. Черкасский көчөсү, №2 үй дареги боюнча жөнөтүү керек.
Универсиаданын жеңүүчүсү Москва шаарындагы ЕАПУнун штаб-квартирасына жолдомо алат, ошондой эле “Келечекке багыт” аталышындагы медаль жана баалуу белектер менен сыйланат.
Мындан сырткары окуучуларды жана студенттерди 2019-жылы Кыргызпатент тарабынан уюштурулуп жаткан “Интеллектуалдык менчик окуучулардын көзү менен” жана “Жогорку класстын окуучулары үчүн Интеллектуалдык менчик боюнча олимпиада” долбооруна катышууга чакырабыз.
Жеңүүчүлөрдү баалуу сыйлыктар күтөт!
Толук маалыматты Кыргызпатенттин (www.patent.kg), интеллектуалдык менчик мамлекеттик фондунун (fund.patent.kg) сайтынан же Түлөбердиева Д. М., эл.дарек: [email protected]; Акжол Доранбек уулу, эл.дарек: [email protected] аркылуу алсаңыздар болот.
Байланыш телефондор (0770) 98-98-08, (0770) 98-98-38
Булак: NazarNews.kg