www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 3-октябрда, Бишкектин четиндеги Күн-Туу айылында жол кырсыгынан улам окуучу каза болгон. Ага байланыштуу автобустун айдоочусу кармалып, автобус айып аянтчасына токтотулган жана тиешелүү экспертизалар дайындалган. Бул тууралуу Чүй ОИИББинен маалымдашты.

Эске салсак, №18 автобустун айдоочусу аялдамада элди түшүргөн. Окуучу да алдыңкы эшиктен түшкөн, бирок анын курткасынын боосу эшиктин бир жерине илинип калган. Айдоочу аны байкабай, автобусту айдап жөнөгөн. Бала жыгылып, дөңгөлөктүн астында калган.

Автобусту 1985-жылы туулган Н.С. аттуу ошол маршруттун бригадири башкарып бараткан. Анын айдоочулук стажы 14 жыл экендиги айтылды.

Каза болгон М.Ж. Бишкектеги №70 мектеп-гимназиянын 5-классынын окуучусу. Каза болгон окуучунун атасы курулуш тармагында, апасы экономист болуп эмгектенет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости