www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Улуттук банк 2018-жылдын он айында Кыргызстандан 444 млн. доллар каражат сыртка чыгарылып кеткенин жарыялады.
Бул сумма өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 22% көп жана сырттан келди деп айтылып жаткан каражаттардын төрттөн бирин түзөт. Адистер мунун кооптуу белги экенин эскертип, өлкөдөгү саясий-экономикалык жагдайлар менен байланыштырууда.
Өлкөдөн чыгарылып кеткен каражаттар боюнча ноябрь жана декабрь айларынын статистикасы чыга элек. Эгер эсепке кирген акыркы октябрь айын алсак, бул айда Кыргызстандан 56 миллион доллар чет өлкөгө которулган. Ал эми жалпы он айда чет жакка чыгарылган акчанын көлөмү дээрлик жарым миллиард долларга чукулдады. Улуттук банктын маалымат катчысы Аида Карабаева бул боюнча мындай маалымат берди: - 2018-жылдын он айынын (январь-октябрь) жыйынтыгы боюнча жеке адамдардын акча которуу системалары аркылуу акчанын тышка чыгуусу 444,8 млн. долларды түздү. Бул 2017-жылдын көрсөткүчүнөн 22,4% жогору. Байкалган динамика акыркы беш жыл аралыгындагы орточо көрсөткүчтөрдөн ашкан жок. 2015-жылды эсепке албаганда (2015-жылы акча которуулардын агып кирүүсүнүн жана агып чыгуусунун көлөмүнүн төмөндөшү байкалган), Кыргыз Республикасынан сыртка жөнөтүлгөн акча которуулардын орточо эсеп менен 20-25% көлөмүндө өсүшү байкалган.
Булак: NazarNews.kg