www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

25 жаштагы Мээргүл Анарбек кызы боорундагы курттан улам боорун  алмаштыруу үчүн Индияга учуп кеткен. Бактыга жараша ага  ийгиликтүү операция жасалганын Илгиз Абдалиев жазып чыкты.

«Мээргүл Милан операция болгон жерге барууга аргасыз болду. Алгач барган жердеги клиниканын дарыгерлери операцияны 23-октябрга белгилешкен, бирок бейтаптын абалы туруктуу болбогондуктан операция белгисиз мөөнөткө жылдырылган болчу.

Көрсө, алар ошондой жол менен бейтаптардан акча иштешет экен. Анан Миланды колдоп барган Төлөгөн Карабаев аттуу досум Мээргүл менен байланышып, Милан операция болгон клиникага которуп келген. Ал жерден дароо эле операцияга киргизип, ал 13 саатка созулду. Учурда бейтаптын абалы канааттандыраарлык. Операциянын чыгымы 27мин доллар болду. Учурдан пайдаланып, моралдык да, материалдык да жактан колдогон бардык журтташтарыбызга ыраазычылык билдиребиз» — деди ырчы мырза. 

Мээргүлгө Аллах шыпаасын берип тезирээк сакайып кетсин деген кыргыз элинин батасы тийип, сакайып кетүүсүнө тилектешпиз!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости