www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Мындан 30 жыл мурун, мен 30га чыга элек мугалим элем, биздин аталарыбыз негизинен колдоп, батасын берип мени саясатка аттандырган. Ошол 30 жылдан бери мен жеке сиздердин турмушуңуздарда кескин радикалдуу өзгөртүү жасай алган жокмун", - деп билдирди, Өмүрбек Текебаев өзүнүн кичи мекени, Жалал-Абад облусунун Акман айылында жердештери менен жолугушуп жатып.

"Бирок ошого карабастан чоң аталарыбыз, аталарыбыз, теңтуштарыбыз, балдарыбыз мени колдоп келе жатасыздар, төрт муун. Бул сиздердин көрөгөчтүгүңүздөр, акылмандуулугуңар, туруктуулугуңар, өжөрдүгүңөр. 30 жылдан бери бир пикирде, бир адамды колдоп келе жатасыздар. Бул өзгөчө сапат", "Мен түрмөдө 3 жолу олтуруп чыктым. Мындай алып караганда мени рецидивист деп атаса да болот. Бакиевдин убагында Польшада отуруп чыктым, ошол эле Бакиевдин учурунда 2010-жылы апрелде УКМКнын жер төлөсүндө олтуруп чыктым. Мына азыр дагы Атамбаевдин убагында 2 жыл 7 ай түрмөдө олтуруп чыктым" "Мен түрмөдө жалгыз камерада 1000 күндөй жаттым... УКМКнын жер төлөсүндө Тойгонбай Калматов менен бирге жатып калдык. Суткасына 1 саат короого чыгарат, бири-бирибизди көрбөйбүз, 4-5 метрдик дубалдын ичинде ар ким өзүнчө басат, асман тарабы темир тор, анан дубалдан кыйкырып бири-бирибиз менен сүйлөшөбүз.

Тойгон аке ошол жерде да сынбай, бакылдап, Атамбаевдин келечегин айтып, ушундай болот деп айтып турду. Кайраттуу адамдар көп экен", - деп билдирди Өмүрбек Текебаев өзүнүн кичи мекени, Жалал-Абад облусунун Акман айылында жердештери менен жолугушуп жатып.

"2010-жылы 13-майда контрреволюциялык төңкөрүш болгон. Ошол төңкөрүштү уюштургандар камалган. Ошолордун бири Үсөн аке Сыдыков эле. Анан мен майдын аягында УКМКга барсам төрагасы Дүйшөбаев "акаң менен жолугуп кетпейсинби" деди. Мен макул деп Үсөн аке менен түрмөдөн жолуктум. Ошондо ал айтты "Өмүрбек, мени чыгарбайсыңарбы?" деп.

Мен айттым, "референдум бүтсүн, анан көрөбүз" деп. Анда ал "оой, 2 ай бар экен ага чейин мен чыдабай өлүп калам го" деди. Ошондо мен Үсөн акеге "Үсөн аке, сиз тоок уурдап же кой уурдап турмөгө түшкөн жоксуз, элдин энчисин уурдап бюджетке кол салып, түрмөгө түшкөн жоксуз. Сиз мамлекеттик төңкөрүш кылам деп түрмөгө түштүңүз. Дүйнөдө көп элдердин лидерлери так ушул берене менен түрмөгө олтуруп чыгышкан. Ошон үчүн жер карабаңыз, сынбаңыз, эки ай чыдаңыз" деп айтып чыккам. Мына мен түрмөдө олтуруп Үсөн аке менен Тойгон акеге суктандым, анткени алар "мамлекеттик төңкөрүшкө аракет" беренеси менен олтурушту, а менин беренем "коррупция" болчу. Өмүр бою коррупцияга каршы күрөшүп жүрүп, эми өзүм коррупционер боломбу, андан көрө ошол Үсөн аке менен Тойгон акенин беренесин мага берсе 20 жыл болсо да ошолордун ордуна олтурул чыкканга даяр элем деп далай жолу аларга суктангам", - деди Текебаев.

"Сиздер кайра-кайра айтып жүрүп, Кудайдын кулагына жетти окшойт, президент Сооронбай Жээнбеков дагы түз аралаша албаганы менен саясый шарт түздү окшойт, сот бизди убактылуу чыгарып, үй камагына алып, 12-сентябрдан баштап, кайрадан сот иштери жүрөт," - деп билдирди Өмүрбек Текебаев өзүнүн кичи мекени, Жалал-Абад облусунун Акман айылында жердештери менен жолугушуп жатып. "Жердештер менен, апасы менен, туугандары менен жолугуп кетсин деп 2-3 күнгө, 5-сентябрга чейин мага бул жакка келгенге уруксат берди. Мен ойлойм, эгер сот адилеттүү жүрө турган болсо сөзсүз түрдө чындык жеңет", - деди Текебаев. "2016-жылы Атамбаев менен чабышып жатканыбызда эле белгилүү болуп калган, эптеп бир шылтоо таап, бизди камасак дегени" деп билдирди. Бул тууралуу "КабарИнфо" гезитинен алдык.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости