www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"2016-жылы Атамбаев менен чабышып жатканыбызда эле белгилүү болуп калган, эптеп бир шылтоо таап, бизди камасак дегени", - деп билдирди Өмүрбек Текебаев өзүнүн кичи мекени, Жалал-Абад облусунун Акман айылында жердештери менен жолугушуп жатып.
"Мага, Алманбетке, Аидага Белизгейт деген ишти токуп, олтургузабыз деп калганда мен трибунадан сөз сүйлөп, депутаттардын көзүнө карап:
"Эй Иса, чоогу болбодук беле? Эй Чыныбай, дос эмес белек? Адилет бир сөзүңөрдү айтып коер бекенсиңер деген ниетте "биз сынбайлык, Конституция сынбасын" деп, айтканым менен иш жүзүндө "колдоп койгулачы туугандар" деп ушинтип сурап турдум да. Азыр аны Ютубдан да көрсөңөр болот. Бирөө да былк этпеди да. "Туура эмес болуп атат", - дейт Текебаев. Бул тууралуу маалыматты "КабарИнфо" гезити жазып чыкты.
Булак: NazarNews.kg