www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

-Өндүрүш мырза, Кыргызстанда биринчи жолу иштеп жаткан партияны экинчи ирет каттаган жагдай орун алды. Неге мындай одоно мыйзам бузууга жол беришти?

- Сыягы, Алмазбек Атамбаевди тирүү бойдон эле кыйнап улак тартууга пайдалангандай кылалы дешип жаткан го. Негизи экинчи ирет катта КСДП - 1 же КСДП - 2 дегендей нерсеге жол бергени чыны менен орунсуз. Атамбаев партиянын лидери эмесмин деген арыз жазган жок да. Ал тургай колдоочулары да бар болуп атпайбы. Ошондуктан, Юстиция министрлигинин аракетине түшүнбөй калдым. Менимче, алар бул кадамы менен Атамбаевдин ким экенин далилдеп  жана партиядан биротоло чыгаруунун жолун издеп, сот жообуна тарттырууга аракет кылып жатышкан окшойт.

-Юстиция министрлиги мындай Ирина Карамушкина айткандай  мыйзамга каршы келген ишти бийликтин кийлигишүүсү менен жасап жатышабы?

-Чынын айтсам, КСДПны тартып алуу аракетинде бийликтин кийлигишүүсү чезилип ал тургай ачык эле байкалгансып турат.

-Баса, премьер-министр Мухамбедкалый Абылгазиевдин экономиканы көтөрүү, жумушчу орундарын түзүү боюнча дымактуу паланы ишке ашчудайбы же кагаз жүзүндө эле калчудайбы?

-Жеке өзүм өкмөт башчысына ишене бербейм. Ал кыялкеч, айткан-дегени менен эч кандай жыйынтык чыкпай келет "Жигит болсоң шок бол, шок болбосоң жок бол"демекчи, премьер-министр болсоң болгондой болуу керек да.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости