www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Оор илдетке кабылып, ден-соолугу солгундап калган абалда Индияга учуп кеткен Милан Садыкжан уулу көпчүлүк кайрымдуу адамдардын батасы, жакшы тилектери менен аман-эсен мекенине кайтып келди. Бул тууралуу анын досу Медер Сапарбаев билдирди:

"Бүгүн саат 13:00дө бооруна операция жасалган Милан Садыкжан уулу жана ага донор болгон карындашы менен биргеликте Кыргыз өлкөсүнө учуп келдик. Буюрса, оор күндөр артта калды. Миландын да, карындашынын да абалы азыр жакшы. Эми толугу менен айыгып кеткиче ар бир 6 ай сайын барып анализ тапшырып туруусу зарыл экен. Буюрса, бейтаптын мындан аркы дарылануусуна жана ал толук сакайып кеткенче көмөк көрсөтүп турууга даярбыз", - деди Сапарбаев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости