www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарынын Лев Толстой менен Ч.Айтматов көчөсүндөгү көпүрөгө асынып, өз жанын кыюуга аракеттенген 19 жаштагы келинди ИИМдин "Шумкар" атайын бөлүмүнүн кызматкери куткарып калды.

Маалыматка ылайык, 6-ноябрда саат 21:30 чамасында милициянын ага сержанты Нурлан Кулданбаев Лев Толстой көчөсүндөгү көпүрөнүн кырында турган келинди байкап калган. Анын ошол жерде турганы шек туудуруп, милиция кызматкери ага чуркап жеткен учурда келин ылдый карай секиргенге аракет кылып, кадам таштаган.

Ал жакын барганда келиндин мойнунда жип оролуп турганын байкаган. Милиционер аны кийминен кармап калууга үлгүргөн. Кызматкерге рота командири Улан Кыдырмаев жана анын орун басары Айбек Жумабаев жардамга келип, келинди куткарып алышкан.

Өз өмүрүнө кол салууга аракет кылган келин Чүй облусунун 19 жаштагы тургуну экени аныкталды.

Ал мындай кадамга үйдөгү уруштан кийин барганы жана болжол менен эки ай мурун эле турмуш курганы да белгилүү болду. Кызды зордоп күйөөгө беришкен. Ал күйөөсү менен жашагысы келбейт экенин ата-энесине билдирсе ал тараптан кызга колдоо болбогонун айткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости