www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өпкөнү тазалоочу каражаттар

Душицадан чай. Душица менен фиалканын кургатылган гүлүнөн демделген чай табигый антисептик катары аллергиядан коргойт жана дем алуу жолдорунун эпителийин активдештирет. Ал үчүн бир аш кашыктан душица менен фиалкадан алып жарым литр кайнак сууга салып, бир саат демдеп, чай ордуна бал же кумшекер татытып ичсе жардамы бар. Чайдын жардамы - чылымдын кесепетинен өпкөгө чогулган чайырды тазалайт жана какырык чыгарат.

Жашылча триосу. Жарым литр аракка кара түрп, кызылча менен сабиздин согун бириктиргенде жарым литр кошуп, сыр мискейге куюп, буусу чыгып кетпес үчүн капкагын камыр менен бекемдеп 1-1,5 саат ысып турган электр мешине коесуз. Убакыт өлчөп коюп, өчкөндө муздаганча тийбеңиз. Бул элдик каражатты 50 граммдан эки маал ичесиз. 10 күн ичкенден кийин тыныгуу жасап, зарылдыгына жараша кайра кайталасаңыз болот.

Чеснок-пияз сиробу. Чеснок менен пияздын эфир майы өпкөнү тазалооочу бирден-бир каражат, дагы алардагы фитонцид микробду өлтүрөт. Пиязды майда көздүү сүргүчтөн өткөрүп, чеснокту майда туурап кошуп, ага кумшекер себелеп жылуу жайда эки саат коюп койсо болот. Сиробу чыккан кезде андан бир аш кашыктан үч-төрт жолу тамактан кийин ичсе болот. Бул процедура бир жумада бир ирет гана аткарылат.

Булак: “Сырдуу дүйнө”

Последние новости