www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ормоновдун

Улукбек Ормонов алтынчы парламенттен жетинчи парламентке өткөн депутаттардын бири, ал тилин аркы –берки сөздөрдү айтып калжаңдай бербейт. Маанилүү маселелер болгондо тикесинен-тик туруп калат.Элдин бары жаш, тымып жатканда биринчилерден парламенттин фракция жетекчиси болгон. Эми да фракция жетекчиси. Анын айтуусунда Кыргызстан мурдагы президенттерин кубалаган өлкө катары таанылбашы үчүн аларга соттук териштирүүлөргө катышып, пикирин билдирүүгө мүмкүнчүлүк бериши керек. Мындай пикирин  “Азаттык” радиосунун суроолоруна жооп берип жатып Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Ормонов билдирди. Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин сотко онлайн катышуу ниетин билдирген интервьюсу боюнча пикирин айткан депутат мурдагы мамлекет башчысы Аскар Акаев да келип, көрсөтмө берип кеткенин белгиледи.

“Биз президенттерин кууган өлкө болуп калбаш үчүн соттук териштирүүнү аягына чыгарып, эгер катышып, көрсөтмө берсе, көрсөтмөсүн алышыбыз керек. Апрель окуялары боюнча көп сөз бар да. Ошондуктан тактап коюш ашыкча болбойт деген ойдомун”, - деди Ормонов.

Улугбек Ормонов 2009-2010-жылдары парламенттеги "Ак жол" фракциясынын төрагасы болгон. Парламентке деле такшалып калган, мыйзамды "чемичкедей чаккан" Улукбек мырзадай адам керек эле да. Ошондуктан "май - талкан" он эки комитетти "Токту сурамай" оюнундай "Былк - былк - былк семиз" деп семизин, эттүүсүн Ормоновго энчилешкен. Анткени саясатка көп аралашпайт, бирок ММКачыларды да эч четке какпайт. Легитимсиз болушса да "Ак жолчулар" көпчүлүгүн түзгөн, мыйзамдын "А" деген арибин тааныбай келишкен бийликчил депутаттар бутунан туруп кетишти. Себеби кат - сабатын жойгон бирин - серин болушса да Ормоновдой мугалимдери бар да. 
"Өрдөк жокто чулдук бий" дегеним, ошол парламенттин алчы - таасын тааныган мыкты депутаттардын бири "Өрдөк жокто Улук бий" болду. Башкаруу фракциясынын башына, ал эмес спикерликке Улукбек мырза жетилип калган. Мыйзам чыгаруу боюнча такшалган адис, саясий интригалар менен иши жок, таза "Дастанын" "мастандар" далыга чаап алып койду эле, байлык үчүн жулунган жок. Жүзүндө депутаттын фону көрүнүп турган. Балким бийлик дагы бир азаматын тарттырып жибергенден коркуп, ушул кадамга баргандыр. Неси болсо да кээде бийлигиң деле кургур туура кадам жасап коёт. Ал эми башкаруу пультун Бакиев өз колуна кармап турганда "Ак Жол" фракциясынын башына "любой" адамды коюп койсо болмок. 

Ошентип бул жолу да кайра шайлоо башталды. Өткөн парламенттин локомотиви эсептелинишкендер бир убакта  баш болгон оппозициянын элиталары эшикте калышты. Парламентке баш - көз боло турган Улукбек мырзадай адамдар сүйлөп турбаса  болбойт го.

Курманбек Бакиев жакында "Жаңы Ордо" гезитине курган маегинде “Менин үстүмдөн чыккан соттун чечимдерин ушул убакка чейин көрө элекмин. Болбосо, Кыргызстандын жетекчилиги менин кай жерде жашап жатканымды билет” деп, ага козголгон иш боюнча сот отурумун онлайн өткөрсө болорун, тергөөчүлөрдүн суроолоруна жооп берүүгө даяр экенин айткан.

Өлкөнү 2005-жылдагы Март ыңкылабынан кийин жетектей баштаган Курманбек Бакиев башында турган бийлик 2010-жылдын 7-апрелинде 87 адамдын өмүрү кыйылган элдик толкундоодон кийин кулатылган. Бакиев жакындары менен чет өлкөгө качып кеткен, өзү ушул тапта Беларуста баш калкалап жүрөт.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, анын жеке өзүнө жана жакындарына каршы он чакты факт боюнча айып тагылган, мурдагы президент өзү сыртынан жалпысынан 30 жылга эркинен ажыратылган. Башкы айып 2010-жылдын 7-апрелинде Бишкектин Ала-Тоо аянтында адамдар өлтүрүлүп, жараат алганы боюнча. Иниси Жаныш Бакиев жана кенже уулу Максим Бакиев Апрель окуясы үчүн өмүрүнүн аягына чейин кесилген. Тун уулу Марат Бакиев 30 жылга соттолгон. Бакиевдер мекенинде коюлган айыптарды четке кагып келет.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 15-июнда “Новые лица” басылмасына курган маегинде азыркы бийликтин Бакиевдерди реабилитация кылуу ою жок экенин билдирген, бирок мурдагы президенттерди “реабилитация кылгысы келсе эл гана качандыр бир кезде кыла алат" деп айткан. 

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости