www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарындагы Орто – Сай базарынын сатуучулары нааразычылык акциясына чыгышты.

Бул тууралуу маалыматты Бишкек ШИИБи билдирди.

Ага ылайык, кийим-кечек саткан катардын сатуучулары ижаранын акысынын жогорулашына каршы чыгышууда. Нааразычылык акциясы базардын өзүндө өтүүдө. 30дай адам ижаранын акысын көбөйтпөөнү талап кылышууда. Анткени алар арендага эле иштеп калып жатышканын айтышат.

Коомдук тартипти аталган базарда аймактык күч органдарынын кызматкерлери көзөмөлдөшүүдө.

Учурда нааразычылык акциясына чыккандар тарабынан мыйзам бузуулар каттала элек.

Эске салсак, Орто-Сай базары Бишкектеги эң кымбат базарлардын бирине кирет. Бул базарда кийим-кечектен башка дагы турмушка керектелүүчү бардык каражаттар сатылат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости