www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Карызы үчүн сабалып, бутуна ок жеген Ноокат районунун тургунунун абалы оор бойдон калууда. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматкери Жеңиш Ашырбаев маалымат каражаттарына билдирди.

Ашырбаевдин айтымында, жабырлануучунун баш сөөгүнө операция жасоо үчүн Бишкектен дарыгерлер барышат, анткени жергиликтүү дарыгерлер мындай оор операцияны жасай алышпайт.

"48 миң сом карызы үчүн сабалып, бутуна ок жеген Ноокаттын тургунунун абалы оор бойдон калууда. Дале өзүнө келе элек. Анын эки буту, манжалары сынып, башынан оор жаракат алган. Катуу сабалып, арматура менен баш сөөгүнө бир нече жолу сокку урулган. Жабырлануучуга операция жасоо үчүн борбордон атайын дарыгерлер тобу келе жатышат",- деди Жеңиш Ашырбаев.

Эске салсак, Ноокат районунун Гүлистан айыл аймагынын 40 жаштагы Икрамжан аттуу тургунун белгисиз адамдар арматура менен сабап, бутуна атып да атып салышкан. Ыкчам изилдөө иштеринин натыйжасында шектүү катары ошол эле райондун 22-23 жаштагы 3 тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Белгилей кетсек, жабырлануучу шектүүлөргө 48 миң сом карыз болгон үчүн аны ур-токмокко алып, бутуна атып кетишкен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости