www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мындан бир топ жыл мурун ар бир койго паспорт алуу керек деп элди таң калтырган депутат эми өлкөдө поезддерди жандандыруу мезгили келгендигин баса белгиледи.
15-январда экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин жыйынында ЖКнын депутаты Акылбек Жапаров: “Баардык кошуналарыбыз тез жүрүүчү испандык поезддерде жүрүшөт, бир гана Кыргызстанда жок”- деп билдирди. Депутаттын айтымында, Өзбекстан менен Казакстан туризмди өнүктүрүш үчүн поезддерди коё беришти, Кыргызстан болсо бир дагы темир жолду курган жок. Коңшу мамлекеттер менен алардын поезддери Кыргызстанга да кирүүсү боюнча сүйлөшүү керек экендигин сунуш кылды.
“Жол куруу керек, кошуналардын тез жүрүүчү испан поезддери жок дегенде Балыкчыга чейин киришин сураныш керек. Европадан Бишкекке келгенге чейин эле 600 АКШ доллары турат. Андан ары Бишкектен Ысык-Көлгө да баруу керек. Биздин жакынкы кошуналарыбыз бар. Алар менен тыгыз байланышта иштешүүбүз тийиш”- деп баса белгиледи Акылбек Жапаров.
Булак: NazarNews.kg