www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусияда коронавируска каршы тапшырылган ПЦР-тесттин жарактуу мөөнөтү 72 сааттан 48 саатка чейин кыскартылды. Бул тууралуу РИА Новости Роспотребнадзордун жетекчиси Анна Поповага таянуу менен билдирди.

Мындай чечим коронавирустун өтө жугуштуу "омикрон" штаммы жайылып жатканына байланыштуу кабыл алынган.  

Ошондой эле Попова Орусияда колдонулуп жаткан ПЦР-тесттердин баары "омикрон" штаммын жугузгандарды дагы аныктай аларын белгилеген.

Эскерте кетсек, учурда Орусияга бара жаткан кыргызстандыктар милдеттүү түрдө 72 сааттан кечиктирбей ПЦР-тест тапшырып, терс жыйынтыгын көрсөткөн сертификат менен кетишет. Демек, изилдөөнүн жыйынтыгынын жарактуу мөөнөтү дагы 24 саатка кыскарат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости