www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусияда кыргыз жараны каза болду

Орусияда курулушта каза болгон кыргызстандыктын сөөгүн мекенине жөнөтүү аракети көрүлүп жатат. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, окуя 21-декабрда Санкт-Петербург шаарында болгон.

Курулуш иштери жүрүп жаткан жерде кырсык болуп, үч жумушчу уранды астында калган. Алардын экөө ошол жерден жан берген.

Мерт кеткендердин бири 28 жаштагы кыргызстандык экени аныкталды.

Орусияда эмгек мигранты болуп жүргөн кыргыз жарандарынын саны 600 миңден ашканы расмий айтылган. Алардын көбү соода-сатыкта, курулуш жана тейлөө тармагында алектенет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости