www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Финансылык чалгын кызматы кардарлардын банк эсептери тууралуу тараган маалымат боюнча бүгүн депутаттардын суроолоруна жооп берет. Бул маселе Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү комитетинин күн тартибине кирди.

Жакында Интернетке Финчалгын кызматынын жетекчилиги бардык банктарга кайрылып, 17-декабрга чейин кардарларынын банк эсептери жана уячалары тууралуу маалымат берүүсүн талап кылганы тууралуу документтин көчүрмөсү деген сүрөт тараган.

Банк тармагы боюнча адистер мындай талап мыйзамсыз экенин айтып чыгышкан. Ал эми Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов Финансылык чалгын кызматынын мындай аракетин чыккынчылыкка теңеген.

Бирок мекеме өзү банктарга жиберген катын “Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга каршы” мыйзамдын талаптары менен түшүндүрүүдө.

Кызматтын жетекчиси Гуламжан Анарбаев коммерциялык банктарга жолдогон кат коомчулукка кандайча жарыяланып кеткенин иликтөөнү өтүнүп укук коргоо органдарына кайрылганын айткан.

Кыргызстанда 20га жакын коммерциялык бар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости