www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кара-Балта шаарында турак үй үчүн депутат менен соттошуп жаткан 3 баланын атасы Алишер Асатуллаев соттун чечимин угуп, сот залында кайрадан өзүнүн жанын кыюуга аракет жасады.

19-декабрда Т.Турсунбековдун төрагалыгынын алдында сот отуруму өтүп, анда өзбекстандык Алишер Асатуллаевди Кыргызстандан депортация кылуу чечими кабыл алынды. Сотто Ассатулаев Өзбекстандын жараны экендиги, ал каттоонун белгиленген тартибин бузуп, Кыргызстандын аймагында жашоого уруксат документтери жок күн кечиргендиги айтылды. Ошондой эле, ал КРдин Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 390-беренесинин негизинде күнөөлүү деп табылды. А.Асатуллаев соттун бул чечимин уккандан кийин сот залында өз өмүрүнө кол салып, уулуу затты оозуна салып жиберди. Залдагы милиция кызматкерлери анын оозундагы ууну күч менен алып чыгууга аракет кылышты.

Алишер Асатуллаевдин тарапташтары аны Кыргызстандан депортация кылуунун себебин Алишер жергиликтүү кеңештин депутатынын күнөөсүн далилдей тургандыгы менен байланыштырып жатышат. Алар депутат бир бөлмөлүү батирди алуу үчүн документтерди бурмалаган деп эсептешет. Бул үчүн Алишер аны менен эки жылдан бери соттошуп келүүдө дешет.

Асатуллаевдин тарапташы Сулайман Муратов кыймылсыз мүлк боюнча алданып, андан запкы чеккен адамдардын тобу түзүлгөндүгүн айтты. Алар бири-биринин укуктарын коргошот.

«Биз тажрыйбалуу жактоочуларды таптык. Азыр күнөөлүү тараптарды жөнөкөй адамдардын турак жайларын алгандарды жоопкерчиликке тартуу аракеттерин көрүп жатабыз. Бул иштердин артында таасирдүү адамдар турат. Мисалы, бизде арыз бар. Анда 17 сот ушундай иштерге катышкан. Алардын бирине кылмыш иши козголду. Ушундан кийин биз куугунтукка туш болдук. Жакында эле мени улуттар аралык жек көрүүчүлүктү козуткан деп айыпташып, милиция кызматкерлери, прокуратуранын, элчиликтин өкүлдөрүнөн турган атайын комиссия түзүлдү. Алар текшерген улуттар аралык жек көрүүчүлүктү козуткан деген факт тастыкталган жок. Тескерисинче комиссия улутка карабай жөнөкөй адамдарга жардам берип жатканыбызга ынанышты», - деди С.Муратов.

Муратов жогоруда айтылган көрүнүштөргө Асатуллаев да туш болуп, үй-бүлөсү менен көп жылдан бери жашаган бир бөлмөлүү үйдү Кара-Балта шаарынын депутаты талашып келгендигин жана ал Жогорку сот аркылуу аталган үйгө ээлик кылуу укугун алгандыгын кошумчалады.

«Биз бир далил таап, ал боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 350-беренеси (документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды колго жасоо, даярдоо, сатуу же алардын жасалмаларын пайдалануу) менен кылмыш иши козголгон. Жакында сот болот. Ошондуктан булар Алишерди өлкөдөн чыгарууга аракет кылып жатышат», - деди ал.

Өзбекстандын жараны Алишер Асатуллаев Кыргызстандын аймагында 20 жылдай жашап жаткандыгы маалым болду. 2014-жылы ага Кыргыз Республикасынын жарандыгын мыйзамсыз алуу боюнча айып тагылып, жазасын алган. Москва райондук сотунун чечими менен Алишердин кыргыз паспорту алынган эмес. Тескерисинче Кыргыз Республикасынын аймагында жүрүүгө макам берүү чечими кабыл алынган. Бул чечимге эч ким арызданган эмес.
«Мен бул жерде жашап келгем, балдар үчүн дагы да жашай берем. Мен өзүм балдар үйүндө чоңойгом. Балдарым дагы менин тагдырымды кайталап калышын каалабайм», - деди Алишер Асатуллаев.

Азыркы тапта Асатуллаевдин тарапташтары Жайыл райондук соттун чечимине нааразы экендигин билдирип, Чүй облустук сотко кайрылууга даярданып жатышат.

Буга чейин Кара-Балта шаарынын тургуну Алишер Асатуллаев бир нече акцияларга чыгып келген. Ал 16-июлда Ак үйдүн алдына нааразычылык акциясына бир нече адамдар менен чыккан.

Алишер Асатуллаев депутат өзүнө өткөрүп алууну пландап жаткан бир бөлмөлүү батирдин маселеси бир жылдан бери каралбай келгенин айткан. Ошондой эле ал ар кандай чараларга барууга, жада калса өзүнүн оозун тигүүгө даяр экенин билдирген болчу.

Былтыр, 20-декабрда Алишер Асатуллаев Бишкек шаарындагы Ак үйдүн алдына нааразычылык кайрадан акциясына чыккан.

А.Асатуллаевдин айтымында, анын мындай кадамга баруусуна эки кичинекей баласы менен жашап жаткан батиринен чыгарылгандыгы себеп болгон.

Кара-Балта шаардык кеңештин экс-депутатына тиешелүү батирде эки баласы менен убактылуу жашаган Алишер Асатуллаев былтыр, 15-июнда ал үйдөн көчүрүлгөн болчу.

А.Асатуллаевдин билдирүүсүнө караганда, эртең менен саат 10:00 чамасында сот аткаруучулар батирге келип, үйдөн көчүп кетүүсүн талап кылышкан. Аларды укук коргоо органдарынын кызматкерлери коштоп жүрүшкөн.

«Мен аларга бул батирде 12 жылдан бери жашап жатканымды жана эч көчпөй турганымды айттым. Үйдүн ичин толугу менен оңдоп-түзөөдөн өткөрүп, балдарым ушул үйдөн төрөлүшкөн. Сот аткаруучуларга «биринчи менин өлүгүмдү ушул үйдөн алып чыккандан кийин батирди ала бергиле» дедим. Бирок, алар мени байлап көчөгө алып чыгышты. Үйдөгү кийимдерим менен сыртта жүрдүм. Ошол учурдагы бардык окуялар менин балдарымдын көзүнчө болуп жатты. Сот аткаруучулардын физикалык күч колдонууга эч кандай укуктары жок эле», - деди ал.

А.Асатуллаев балдары үчүн мойнун жана колун кескенин кошумчалады.

«Мен өз өмүрүмө кол салгым келген жок. Акыл-эсим тунук эле адаммын. Укугумду коргоп жана үнүмдү укканга жардам сурап ушундай кадамга бардым», - деди ал.

Эки баланын атасы А.Асатуллаев балдар үйүндө чоңойгон.

«Ата-энеси жок чоңойдум. Мен көргөн тагдырды балдарыма каалабайм. Аялым башка бирөөгө кетип калган. Балдардын тамак-ашына жана өзүбүзгө үй сатып алайын деп, Россияга иштеп кеткен учурда аялым өзүнө жаш жигит таап алыптыр. Россияда иштеп тапкан акчаларды аялыма салып турчумун. Бирок, ал пайдасыз жакка сарптап жоготуптур. Кыргызстанга келсем балдарым да каралбай калыптыр. Мындан улам аялымды үйдөн кууп чыккам», - деди ал.

Учурда А.Асатуллаевдин абалы туруктуу. Ал турак жай маселеси боюнча бирөө-жарым чечип берерине үмүт артып, коомчулуктан жардам сурады. Ошондой эле, ал укук коргоо органдарынын жардам бербегенин, Жайыл райондук соту Асатуллаев көчүрүлгөн батирге тиешелүү документтерди көрсөтүүдөн баш тартканын кошумчалады.

Turmush басылмасына маалым болгондой, А.Асатуллаевдин балдарын социалдык тармактын кызматкерлери балдар үйүнө алып барууну чечишкен. Бирок, ал жерде жетим балдар гана алынгандыктан, 2 жана 7 жаштагы өспүрүмдөрдү Жайыл районунун Сосновка айылында жашаган Яшиндин үй-бүлөсү кабыл алган. Алар Асатуллаевдин балдарын турак жай маселеси чечилгиче карап турарын билдиришкен эле.

Андан кийин Кара-Балта шаардык кеңештин депутаты Ольга Архипова («ЭлАман» партиясы) мөөнөтсүз ачкачылык жарыялаган. Анын мындай кадамга баруусуна көп кабаттуу үйдөгү батирин анда убактылуу жашап жаткан Алишер Асатуллаев талашып жатканы себеп болгон.

Кара-Балта шаардык кеңешинин мурунку депутатына тиешелүү батирден көчүрүлүп жаткан эркек киши өзүнүн мойнун кесүүгө аракет жасады. Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, 1979-жылы туулган эркек киши өз өмүрүнө кол салып, мойнун жана колун кесүүгө аракет жасаган. 15-июнда ал жашаган батирге сот аткаруучулар милиция кызматкерлери менен чогуу келишти.

Эркек киши жашаган батир 2007-жылы ээсиз калган мүлк катары эсептелген. Анын учурда 2 жана 7 жаштагы балдары бар. Алардын бири ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген.

Жакында эле бул батирдин ээси табылып, ал 2016-жылы үйдү мурунку ээсинен алган ырастоочу документтин негизинде мыйзамдаштырган. Алдын ала маалыматтарга караганда, батирдин мурунку ээси 2006-жылы каза болуп калган. Ал эми, үйдүн азыркы ээси Кара-Балта шаардык кеңештин экс-депутаты Ольга Архипованын айтымында, батирдин жашоочуларын көчүрүү тууралуу Жогорку соттун чечими чыккан.

Ал эми, көчүрүлүп жаткан эркек кишинин жактоочусу үй туура эмес мыйзамдаштырылганын айтты.

«Батир мурунку ээсинин тилкаты менен эле туура эмес мыйзамдаштырылган. Ал эми, тилкат кварталдык комитеттин төрагасы тарабынан күбөлөндүрүлгөн», - деди ал.

Кара-Балта шаардык кеңештин экс-депутатына тиешелүү батирден көчүрүлгөн эркек киши эки кичинекей баласы менен бул үйдө убактылуу жашап жаткан. Анын кошуналары эркек киши жашаган батирге келип, анын жакшы сапаттарын айтып колдоп турушту.

Батирден көчүрүү учурунда А.А.ны укук коргоо органдарынын кызматкерлери, ал эми анын эки баласын социалдык бөлүмдүн өкүлдөрү алып кетишти. Социалдык тармактын кызматкерлери Рита Эсенова жана Каныгүл Абдраимованын айтымында, А.А. башка энелерге караганда балдарын жакшы багып жаткан. Ал эми, өспүрүмдөрдүн энеси балдарын таштап, башка үй-бүлө куруп кеткен.

Булак: "turmush.kg"

Последние новости