www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көл районунда жеӊил унаалар кагышып, 2 адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Кырсык 24-декабрь күнү саат 23:45 чамасында Балыкчы-Чолпон-Ата-Каракол  унаа жолунун 60-чакырымындагы Чоң-Сары-Ой айылында болгон. Анда “Хонда-Степ” жана “Мерседес-Бенц 210” үлгүсүндөгү жеңил унаалар кагышкан.

Кырсыктын кесепетинен  2 эркек адам каза болуп, 2 эркек жана 2 аял ар кандай жаракаттарды алышкан.

КР ӨКМнин №31 Өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары каза болгондорду жана жабыркаган адамдарды унаадан чыгарышып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости