www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 6-июнда Россия менен Кытайдын куралдуу күчтөрү Япония жана Чыгыш Кытай деңиздеринин аба мейкиндигинде алтынчы биргелешкен аба күзөтүн өткөрүштү, деп билдирди Кытайдын Коргоо министрлиги.

"Кытай менен Орусиянын армияларынын кызматташуусунун жылдык планына ылайык, 6-июнда эки тарап Япония жана Чыгыш Кытай деңиздеринин тиешелүү аба мейкиндигинде алтынчы биргелешкен стратегиялык аба күзөтүн уюштуруп, өткөрүштү", — деп айтылат билдирүүдө.

Башка маалымат азырынча айтыла элек.

Эскерте кетсек, марттын орто ченинде Орусия менен Кытайдын ортосундагы ар тараптуу өнөктөштүктү жана стратегиялык кызматташууну тереңдетүү боюнча биргелешкен билдирүүдө эки өлкө үзгүлтүксүз деңизде жана абада биргелешкен күзөттөрдү жана биргелешкен машыгууларды өткөрө турганы жарыяланган.

Өткөн жылдын ноябрында Орусиянын Аэрокосмикалык күчтөрүнүн учагы КЭР Аскердик-аба күчтөрү менен патрулдук иштердин алкагында биринчи жолу Кытайдын аэродромуна, ал эми кытайлык учактар ​​орусиялык учакка конгон.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости