www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2-июлда Ош мамлекеттик университетинде “Илим жана билим аймактарды өнүктүрүүнүн жана санариптештирүүнүн факторлорунун бири катары” биринчи эл аралык илимий-инновациялык форуму болду. Биз бул форумдун жүрүшү тууралуу эмес, ушул иш-чара өткөн Ош мамлекеттик университети, дегеле аймактардагы жогорку окуу жайларынын аймактарды өнүктүрүүдөгү ролу, алар өлкөнү санариптештирүүдө кандай салым кошо алат деген маселенин айланасында ой калчап көрөлү.

Адегенде ОшМУ тууралуу айтсак, акыркы 5-7 жыл аралыгында бул окуу жайы ойго келбей турган чоң секирик жасады. Окуу жайдын жетекчилиги (ректор К. Исаков) акыркы жылдарда 15 миллион долларлык түз инвестицияларды тартты.

Натыйжада 13 заманбап жаңы окуу имараттары, студенттик шаарча, медициналык клиникалар, лабораториялык корпустар, китепкана курулуп, Ош шаарында жогорку деңгээлдеги инфраструктура түзүлдү. ОшМУнун Ноокатта, Ошто, Кара-Сууда жана Кара-Кулжада өзүнүн гимназиялары ачылып иштеп жатат. Түштүк аймагындагы коммуникациялык, маалымат технологияларынын борборуна айлангандыктан, Дата-центр, IT-технология, IT-академия, булуттук технология, санариптик технология, автоматтык башкаруу технологиясы, була-оптикалык байланыштар дагы ушул университетте орун алган.

ОшМУ 2019-2024-жылдарга өзүнүн өнүгүү концепциясын иштеп чыккан Кыргызстандагы бирден-бир университет, анда өнүгүү баскычтарынын 16 пункту каралган. Айрымдарын атай кетсек, ОшМУ Кыргызстандан билимди эң көп экспорттогон, беш жылдан кийин дүйнөдөгү 700 мыкты университеттин катарына кошулган, Борбор Азиядагы 3 мыкты университеттин бирине айланган, санариптик технологиялардын, экологиялык университетке айланган, билим сапаты боюнча дүйнөлүк рейтингдерге катышып өзүнүн билим сапатын тастыктаган, БУУнун Туруктуу өнүгүү концепциясынын 17 милдетин турмушка ашыруучу глобалдык хабка кирген, окуу жайдын бюджети 2 эсе өскөн, окутуучулардын орточо айлыгы азыркыдан 2 эсе көп болгон окуу жайга айланат. Жо-жок, булар кыял эмес, бул ОшМУнун өнүгүү боюнча күндөлүк иш планы. Ал эми Кыргызстандын башка аймактарындагы университеттерде абал кандай? Негедир аларда жогорудагыдай жигердүү иш-пландар, алдыга умтулган дымактар байкалбайт.

Азыркы кырдаалда университеттер эмгек рыногу үчүн адистерди даярдоочу болуудан тышкары, аймактардагы интеллектуалдык, креативдик жана инновациялык борборлорго айлана башташы зарыл. Мындан тышкары, аймактык университеттерге ошол аймактын социалдык-экономикалык, коомдук, маданий турмушуна батыл аралашып, ага таасир этүүгө, өлкөнү санариптештирүүдө аймактарды алдыга сүрөй турган бирден-бир борбор болуу миссиясы да жүктөлүп жатат. Буга мисал катары кайра эле ОшМУга кайрылалы. ОшМУ Ош шаарынын социалдык-экономикалык турмушуна тийгизген таасири боюнча шаарды түзүүчү уюм катары таанылат. Себеби, ОшМУнун окутуучулары, студенттери менен бирге шаар жашоочуларынын 10 пайызын түзөт.

Башкача айтканда, аймакка гумандуу гана таасирин тийгизе турган, шаардыктардын билимдүү, акыл-эстүү катмары. Университет аймакта маданий, илимий – агартуучулук, таануучулук борбордун милдетин аткарып келет. Китепканалар, конференц-залдар, спорт комплекстер, маданий жайлар бар, аларда конференциялар, симпозиумдар, форумдар, диалогдор, жолугушуулар, фестивалдар, конкурстар ж.б. өткөрүлүп турат. Мына ушундай алгылыктуу иштер Жалал-Абаддагы, Нарындагы, Ысык-Көлдөгү, Таластагы жана Баткендеги университеттерде да ОшМУдагыдай өлкө масштабында өткөрүлүп, заманбап окуу корпустары, коомдук жайлар курулуп, алдыңкы технологиялардын, инновациялык иштердин борборлоруна айланып турса, аймактарды өнүктүрүүгө жана санариптештирүүгө кандай чоң салым болор эле! Бардык жакшы саамалыктар, айрыкча санариптик технологияларды ишке киргизүү, аймактарды санариптештирүү иштери ушул университеттерден таралып турганы, аймактардын өнүгүүсүнө гана мыкты таасирин тийгизмек. Бул жерден университеттердин жетекчилеринин менеджерлик сапаты чечүүчү роль ойной тургандыгы айтпаса да түшүнүктүү. Айтор, аймактардагы жогорку окуу жайлары пассивдүү, өкмөттүн гана көзүн караган обьект болуудан бошонуп, өз идеялары, демилгелери менен иштеп, инвестиция тартууну үйрөнүүдөн качпашы керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости