www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош облусунда чет өлкөлүк жарандардын Кыргызстандын аймагында болуу тартибин текшерүүгө багытталган «Нелегал» аталышындагы ыкчам-профилактикалык иш-чара өткөрүлүүдө.

Ош ОИИБдин маалыматына караганда, иш-чара 2026-жылдын 5-августунан тартып жүргүзүлүп, милиция кызматкерлери облус аймагында окуп, иштеп же башка максатта жүргөн чет өлкөлүк жарандардын өлкөдө болуу мыйзамдуулугун текшерүүдө.

Иш-чаранын жүрүшүндө мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү боюнча 3 кылмыш иши жана мыйзамсыз миграцияны уюштуруу фактысы боюнча 1 кылмыш иши аныкталды.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин талаптарын бузган 518 чет өлкөлүк жаранга протокол түзүлүп, жалпы 3 млн 3 миң сом айып пул салынды.

Милиция кызматкерлери чет өлкөлүк жарандар эмгектенген мекемелерге да барып, Кыргызстандын мыйзамдарын так сактоо, жергиликтүү үрп-адаттарга сый мамиле кылуу жана чагымчыл аракеттерге алдырбоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө. Ошондой эле көйгөйлүү жагдай жаралган учурда ички иштер органдарына кайрылуу зарылдыгы эскертилүүдө.

Белгилей кетсек, «Нелегал» ыкчам-профилактикалык иш-чарасы өзүнчө көрсөтмө берилгенге чейин улантылат.

Последние новости