www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Быйылкы жылы экинчи борбор аталган Ош шаарын өнүктүрүү үчүн бюджеттен 1миллиярд, 127 миллион сом акча каралды. Каралганы го каралды, бирок бөлүнгөн акча максатына жетеби же бирөөлөрдүн пайдасына жумшалып, хан сарайлар салынып, жол тандабастарды сатып алганга жумшалып кетеби маселе мына ушунда.
Айткандай бул акча каралганда шаардык депутаттардын талкуусу болбой, эч кандай талаш-тартышы жок эле, ушунчалык тез кабыл алынганы күмөн ойду пайда кылууда. Болбосо мурунку жылдарда болуп келген талаш-тартыш бир топко созулуп, бөлүнгөн акчанын талашы эки-үч күнгө созулчу. Быйыл эмнегедир депутаттардын үн катпагандарына караганда, ич ара сүйлөшүү болуп, махинация боло тургандан белги берилип калды. Айткандай жеп-ичип көнгөн адат бары бир калбайт, үн катпаган мэриянын жеткечилери менен шаардык депутаттар бирдин ичинен чыгышпаса болду?
Бердикожо Бийназаров
Булак: NazarNews.kg