www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ооба, ак халат кийген врачтарды эч ким кылмыш жасайт деп ойлобойт. Анткени алар бул ишке кирээрде ант берип, “ак иштейм” деп таза ой, таза тилек менен келишет. Бирок, акча илдети менен ооруганда, адам баласы берген антын дагы эстен чыгарып салат белем.
Эл ишенген ак халатчандар иштеген оорукана азыр ден-соолук базарына айланганы да чын. Дары-дармек сатып пайда көргөндөрү аз келгенсип, эми жаңы төрөлгөн ымыркайларды сатып пайда көрө баштагын да кеп болууда. Андан дагы жаңы төрөлгөн наристелерди саткан бандалардын тобу мындан бир, эки жыл илгери кармалып, алды сот жообуна тартылган эле.
Эми дагы ошол көрүнүш кайра кайталанып, жеке менчик ишкана ачкан топ, алданган жаш энелердин боюнан алып, андан дагы жаңы төрөлгөн ымыркайларды сатуу ишине баргандары тартип сакчыларынын арты менен колго түшүп, кайра иш козголду.
Алардын арасында акушер –гинеколог Чолпон Кенебаеванын аты көп аталууда. Ооба, ар бир кесип ардактуу. Врач болуу дагы жөн адамдын маңдайына жазылбайт. Ушундай жоопту ишти аркалап, ишенимге кирип анан уккан кулакты таң калтырган ишке кадам койгон варчтардын жоругу, албетте жолдо калсун. Адам сатып пайда көрүп, андан дагы энесинен ажыратып ымыркайларды саткан бул абдан чоң күнөө экенин билип, акча үчүн баарына кол шилтеген варчтардын жоругу Каркыра, менен Үзөңгү-Куушту саткан саясатчылардын жоругунан да ашып кетти. Деги эмне деген заман болуп бара жатат- деп, жаканы муунбагандай кармаганга кез келдиби?
Бердикожо Бийназаров
Булак: NazarNews.kg