www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаарында "Биринчи турак жай" кооперативинин төрагасы И.Б аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы тарабынан «Биринчи турак жай» коммерциялык эмес кооперативинин жетекчилерине жана уюштуруучуларына карата алдамчылык, мыйзамсыз ыйгарып алуу, ысырапкорчулук фактылары боюнча козголгон кылмыш иши боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө республиканын ар кайсы аймактарынын жашоочуларынан «Биринчи турак жай» коммерциялык эмес кооперативинин жетекчилерине жана уюштуруучуларына чара көрүү өтүнүчү менен көптөгөн арыздар түшкөн. Учурда келтирилген материалдык чыгымдын жалпы суммасы 18 млн 188 миң 260 сомду түзөт.

Буга байланыштуу, 16-июлда бул кылмышка шектүү катары «Биринчи турак жай» коммерциялык эмес кооперативинин төрагасы, жаран И.Б. Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96, 97-беренелерине ылайык, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости