www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ошто кылмыштуу топтун беш мүчөсү кармалды

Ошто кылмыштуу топтун беш мүчөсү кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 29-январь күнү саат 16.30дар чамасында Ош ШИИБинин криминалдык милициясынын кызматкерлери атайын операция учурунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары атайын тизмеде турган беш жаранды кармашкан. 

Кармалган жарандар, бейбаштык кылды деген айып менен колго түшүрүлдү. Алардын бардыгы Ош облусунун тургундары. Кармалгандардын бешөө тең ИИМде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турушкан.

Учурда сотко чейинки өндүрүш башталып, КР Жазык кодексинин 266-беренесине ылайык, Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости