www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өткөн жылы канча кыргызстандык Россиянын жарандыгын алды

Өткөн жылы 9300  кыргызстандык Россиянын жарандыгын алды. Бул тууралуу “Sputnik” Россия ИИМинин Миграция башкармалыгынын берген маалыматына таянып жазып чыкты. 

Маалыматка караганда, жалпысынан 2019-жылы 498 миң чет элдик Россия жарандыгына ээ болгон. Бул 2018-жылга салыштырмалуу 84 пайызга көп.

Сөз болуп жаткан жарандардын басымдуу бөлүгү мурдагы украиналыктар, тагыраагы, 300 миң киши.

Россияга эң көп көчүп баргандардын катарында ошондой эле казакстандыктар (50,5 миң) жана тажикстандыктар (44,7 миң) бар. Алардын артынан өзбекстандыктар (19,4 миң) менен түркмөн жарандары турат (1,4 миң).  Ал эми убактылуу жашоого уруксат берген документ 234,7 миң чет элдиктин колуна кийген.

Эске салсак, Кыргызстан  2019-жылы  978 адамга жарандык берди.  Алардын 150гө жакыны балдар.

Ал эми, 2015-жылдан бери 22 456 чет элдик кыргыз жарандыгына ээ болду. Булардын басымдуу бөлүгү, тагыраагы, 82 пайызга жакыны этникалык кыргыздар .

Кыргыз жарандыгын алгандардын басымдуу бөлүгү Өзбекстан менен Тажикстандан келгендер. Андан кийинки орунда Россия турат.

Мындан тышкары, Белоруссия, Украина, Молдова, Пакистан, Кытай, Түркия жана Египет сыяктуу өлкөлөрдөн келгендер да бар. 

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости