www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Былтыр Сооронбай Жээнбеков менен Алмазбек Атамбаевдин ортосунан ырк кеткенде Роза Отунбаева бийликке ыктап, мамлекеттик иш-чараларга тынбай катышып калган.
Президентти жандап, тымызын таасир этүүнүн амалына өткөнүн сырттан көргөндөр байкабаса да, бизге сезилип турган эй. Аныгыңда, Отунбаеванын ойлогонундай болбой калды окшойт, жең ичинен көксөгөн «идеялары» өтпөй калдыбы, айтор, ал учурда бийликке сын пикир айта баштады. Текебаев баштаган түрмөдөгү саясый туткундардын эркиндиги үчүн оюн кылгандай түр жаратып, элден упай алуунун аракетине өткөндөй.
Ошол эле кезде Бабановду да тымызын колдоп атты эле, анысы ишке жарабай, мекенине келүүдөн коркуп, уяткарып койду. Отунбаеванын эмки аракети 23-апрелдеги «Ата Мекен», «Мекенчил» партияларынын митингин көркүнө чыгаруу. Айрымдарга чындык, ади-леттүүлүк керек болсо, Отунбаева үчүн саясый кырдаалды козутуу маанилүүбү?..деп жазды белгилүү AЗИЯnews гезити.
Чындыгында Отунбаева УӨ башында туруп аянтта ант ичип бийликке келгени менен өзүнүн фондун гана ачпаса Кыргызстанга жарытарлык иш кылып берген эмес.
Ал тургай Отунбаева баштаган топ бийликке келгенде Ош шаары канга боёлуп, асманды кара булут каптап, өлүктөр жер жайнап жатканда бир дагы УӨ курамындагылар жазага тартылган эмес.
Эми КР Президенти Сооронбай Жээнбеков мамлекетти баш-аламндыкка салгандарды иретке салып, камаганын камап, атканын атышы керек! Кыргызстанга бир ууч топтун эмес кыргыз элинин кызыкчылыгы керек. Мисалы үчүн Отунбаевага Ош окуясы тууралуу кылмыш иши козголушу зарыл.
Булак: NazarNews.kg