www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Базарбай Мамбетов, коомдук ишмер:
"Өздөрү билип туруп, бирге шайлоодо жүрүшкөн"
-Отунбаева Атамбаевдин ошондой экенин билип туруп, аны "президенттикке жарайт" деп Азимбек Бекназаров, Исмаил Исаковдор болуп бирге шайлоочулар менен жолуктуртуп, 2011 - жылы ээрчитип жүрүшкөн. Ошонун натыйжасы ушундай болду.
Надира Нарматова, экс - депутат:
"Атамбаев менен Отунбаеванын жасабаган өнөрү, көрсөтпөгөн кылыктары деле калган жок"
-Реалдуу жашоонун ачуу чындыгын мыйзамдын жана Кудайдын алдында тике карап айта турган болсок, акыркы 2005-жылдан бери Отунбаева Роза Исаковна жана Атамбаев Алмаз Шаршенович деген ысымдар элдин тынчтыгын бузуп, чуу салып, элди бөлүп - жарып, улут аралык мамилелерге шек келтирип, жеке кызыкчылыктарын иш жүзүнө ашыруу менен алек болуп келе жатышат. Булардын кылбаган саясаты, ойнобогон ролу, аткарбаган иши, жасабаган өнөрү, көрсөтпөгөн кылыктары деле калган жок. Орустар айтмакчы, "эрди катын бир шайтан", - дегендей, экөөнүн бир биринен айырмасы деле жок болуп калды. Кыргыз эли ушул экөө эмне десе макул болуп колдоп, унчукпай сабыр кылып чыдап келди. Өздөрүнүн оюндагысы болбой калса төңкөрүш, тополоң жасап, митинг уюштурушат. Айла кеткенде улут аралык мамилелерге тийишип, жаңжал чыгарышат. Мен муну асмандан алып айтып жаткан жокмун. 2005 - жылы тополоң кылып, Бакиевди бийликке алып келгендердин башында турган, мактагандар, бирге иштегендер да, орден, сыйлык алгандар, сатып кеткендер, кубалап чыккандар да ушулар. 2010 - жылы төңкөрүш жасап, Убактылуу Өкмөттү түзгөндөр да ушулар. Ошон үчүн бул жерде катачылык жалгыз Атамбаевден эле эмес, Отунбаевадан да кеткен.
Атамбаев менен Отунбаевага кыргыз эли бийликти, президенттик кызматгы да берип көрдү. Каалашынча бийлешти, ырдашты, чордошту. Кыргыз мамлекетинде каалагандай системаны түзүштү. Экөө тең баш көтөргөн тың чыкма патриот кыргыздардын үстүнөн иш козгоп, бири - бирине колдоо көрсөтүштү, Текебаевдин генпланы менен. Байышты, жашоолору оңолду, каалагандай доор сүрүштү. Эми минтип өз күнөөсүн унутуп, башкаларга доомат кыла башташты. Ошон үчүн экөө бирдей жооп бериши керек.
Наристе Калчаев, активист:
"Ынтымака чакыруунун ордуна чокко май тамызып аткандар да жок эмес"
-Эл ар дайым эле калкан, жоодо жөнөкөй жоокер болуп келген да. Кыргызстандагы баардык саясий бурулуш, окуянын баарын элдин күчү менен ишке ашырышкан. Атамбаев бирөөнө жагат, бирөөнө жактайт. Бирок жаманбы, жакшыбы колдоочуларынын пикирин дагы сыйлаш керек. Эң негизгиси саясий топтун же саясий бир фигуранын жеке амбициясы менен Кыргызстанды саясий тунгуюка алып келбеш керек. Ынтымака чакыруунун ордуна чокко май тамызып аткандар да жок эмес. Тактап айтканда, СДПК фракция лидери, Иса Омуркулов көчө терминин колдонуп "жугундукорлор" деп айтканы дагы туура эмес.
Төрөхан Жунусбеков, активист:
"Таарынычын эске алып сүйлөп койгон окшойт"
-Отунбаеванын өзүнүн таарынычы бар, ошол таарынычын эске алып сүйлөп койгон окшойт. Бул жөн эле катардагы иш эмес, ошондуктан ар тараптан ой жүгүртүп, эртеңки келечекти эске алып, шашпай бир жыйынтыкка келишибиз зарыл.
Бейшенбек Абдрасаков, экс - депутат:
"Мен мыйзамды колдойм"
-Мен экс-президентти колдобойм! Мен мыйзамды колдойм. Биз укуктук мамлекетте жашагандан кийин, баардыгы мыйзам чегинде болуш керек. Эр эрөөлгө чыкса, Пушкин менен Дантестей эркекче элди кошпой, аралаштырбай, экөө бүтүрүшү керек. Мыйзамдын астында баары бирдей, сотко барып эле эркекче, коркпой эле кудайдын мандайга жазганын көрүш керек. Мыйзамдуу жол ушул, башка жол жок.
Булак: Чынайым Кутманалиева, Майдан.kg