www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Буга чейин Сокулук районунда 14 жаштагы окуучу кыз атасы тарабынан зордукталып, боюна бүтүп калган. Натыйжада 8-класста окуган кыз гинекологдон аборт кылышын сурап кайрылган. Бирок гинеколог кыздын төрөшүн күтүп, ымыркайды башка үй-бүлөгө багууга бергендиги тууралуу жазганбыз.

Ошол киши кандай жаза алгандыгы баарына эле кызык болсо керек. Бул суроого милиция кызматы жооп берип, ал жаран 20 жылга өз эркинен ажыратылгандыгы маалым болду.

Социалдык өнүгүү башкармалыгы: “Кыз мектепте жакшы окуйт. Ага психикалык жардам көрсөтүлдү. Кыз жана анын энеси баладан баш тартышты. Учурда баланы асырап алуу жөнүндөгү документ даярдалууда”,-деп маалымдашты.

Жогоруда айтылган дарыгер аталган окуяны өз учурунда милицияга кабар бербегендиги  үчүн жумуштан бошотулган.

Эскерте кетсек, 2019-жылдын 29-августунда Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине өспүрүм кыздын зордукталгандыгы тууралуу маалымат катталган. Тергөө ишинин жүрүшүндө кыз өз атасы тарабынан зордукталгандыгы аныкталды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости