www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Окурманыбыз өзүнүн арыз-муңун бөлүшүп биздин [email protected] электрондук дарегибизге кат жолдогон. Каарманыбыздын жашоодогу көйгөйүн сиздерге бөлүшмөкчүбүз.

Саламатсыздарбы урматтуу редакция!

Боюмдан алдыргандан бери жашоом туңгуюк. Мындан 5 жыл мурун 8 айлык боюмда бар кезде жигитим таштап кетти. Ошко ата –энеме курсагымды челкейтип барганымда үйдөн кууп чыгышмак. Туугандарымдын бетине кара көө болбоюн деп, Бишкектеги №6 роддомго келип врачтар менен келишим түздүм. Докутрлар мага 3 күн убакыт берди. «Ойлонуп көр, курсактагы балаң кадимкидей адам болуп чоңоюп калды, кийин өкүнүп каласын»- дешти.

Мен жигитиме чалып акыбалымды түшүндүрсөм, «боюңдагы баланы алдыр, эгер төрөйм десең өз ишиң, мага жолобо»- деди. Баягы мага берилген 3 күн да өттү. Акушер-гинекологума бардым , ал мага узи кылып, курсагымдагы бала жаткан тонду тешип суусун агызганы баштап, баягы ийнени киргизгенде курсактагы кыз балам, эки кымындай буттары менен ийнени түртүп, жашоого болгон күрөшүн жүргүзө баштады. Аны коргогон акушер-гинекологум, далбастап барып башка кесиптештерин чакырып келди. Баардыгы мени баланы сактап калууга үгүттөй башташты. Мен ата-энемдин каарынын төгүлөөрүн эстегенде, бул дүйнөдө жападан жалгыз экенимди эстеп, бурка-шарка түшүп ыйладым. Баягы «аборт» ишке ашты. 300 долларды доктурдун колуна карматтым.

Азабым али алдыда тура көрсө. Менин аборт кылганымды уккан жигитим, эки апта соң келип жарашалы деди. Өз колум менен өмүрүн кыйган кызымды эстеп бир жаман болом.

Баягы доктурга барып, ыйлап айтып бердим. Ал мени абдан урушту. «Сен эмнеге жигитиң менен жараштын. Сени барктабайт, кадырыңа жетпейт, ал акмак. Сен да акмак ошону кечирип, бирге өмүр сүрөм деген» -деп басып кетти.

Ошондо гинекеологумдун сөзү менин жашоого болгон, жанымдан артык сүйгөн жигитиме болгон чындыкты ачып берди. Ошол сөздөрдөн таасирленген мен жигитим менен болгон мамилемди үзүп баш отум менен динге берилип, кудайдан кечирим сурап жашап келем.

Акыркы учурларда мени түйшөлтүп. уктасам эле түшүмө баягы төрөлбөй калган чүрпөм кирет.

Кыздарга айтаарым бирөөнүн кызыкчылыгынын курмандыгы болуп өз бактыңарга кол салбагыла! Аягы өкүнүч менен бүтөт. Өз баласын өлтүргөндөргө эч кечирим болбосун унутпагыла! Менин учурдагы абалым баарына сабак болот деген ойдо сиздер менен өзүмдүн катачылыгымды бөлүштүм.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости