www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Питбультерьер породасындагы күчүк балдарды уулуу жыландан сактап калган менен өзү өлүмгө учурады. Бул тууралуу дүйнөлүк маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматтарга караганда, окуя АКШнын Флорида штатындагы Самтер округунда болгон.

Балдардын атасы Гэри Ричардсондун айтымында анын 2 баласы жана Зевс аттуу 8 айлык питбуль породасындагы күчүгү үйдүн бакчасында ойноп жүрүшкөн. Жылан ойноп жаткан балдарга кол салмакчы болгондо, аны байкап калган күчүк балдарды коргоп, жылан менен алыша баштаган. Зевс анын башын тиштеп жулуп алгыча жылан 4 жолу аны чагып алууга үлгүргөн.

Натыйжада кожоюндун жана ветеринарлардын кылган аракетине карабай эртеси күнү күчүк өлүп калган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости