www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркмөнстан Өзбекстанга электр кубатын экспорттой баштады. Өзбекстандын улуттук энергетикалык компаниясы билдиргендей, «Түркмөнэнерго» менен түзүлгөн келишимге ылайык, 1-декабрда саатына 14,9 миллион кВт, 2-декабрда саатына 15,4 миллиона кВт электр кубаты жеткирилген.

3-декабрда Өзбекстандын улуттук энергетикалык компаниясы аймактагы көмөк чордондор Түркмөнстандан келип жаткан электр кубатын тейлөөгө жетишпей жатканы тууралуу маалымат таратты.

Анда айтылгандай, электр өткөрүү линиялары ысып кетип, 3-декабрда Самарканд облусунун бир катар райондорунда 4 саат бою электр кубаты өчүрүлгөн. Ремонт иштери жүргүзүлгөн.

«Узбекистон миллий электр тармоклари» компаниясы менен «Түркмөнэнерго» корпорациясы 2019-2020-жылдары электр кубатын импорттоо тууралуу келишимге ноябрдын аягында кол коюшкан.

Түркмөнстан өкмөтү электр энергиясын экспорттоону көбөйтүү планын жарыялаганы менен кышында бул өлкөнүн өзүндө жарык маал-маалы менен үзгүлтүккө учурап турат.

Түркмөнстан электр кубатын негизинен коңшулаш Ооганстанга жөнөтөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости