www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку сапаттагы француз шараптарын өндүрүү үчүн Өзбекстанга Франциядан жүзүмдүн «Каберне», «Совиньон-блан» жана «Шардонне» сортторунун көчөттөрү алынып келинди.

Маалыматка караганда, учурда өлкөнүн Инновациялык өнүгүү министрлигинин, «Узбекшаробхолдинг», «Узшаробсаноат» ишканаларынын жана Өзбек илимдер академиясынын лабораторияларында жогорку сапаттагы француз шараптарын өндүрүү технологияларын өздөштүрүү боюнча жигердүү иштер жүрүүдө.

Органикалык шараптарды өндүрүү компаниясынын Чехиядагы дилери Наталья Леганованын айтымында, Өзбекстандын күнөстүү климаты жогорку сапаттагы шараптар үчүн жүзүм өстүрүүгө ылайыктуу. «Бул тармак өлкөнүн экономикасына чоң пайда алып келет. Азыр эле шарап жасоо үчүн жергиликтүү сырьену Испания менен Франция сатып алууда. Бул фактынын өзү эле Өзбекстандын шарап өндүрүү өнөр-жайынын рентабелдүүлүгү жөнүндө айтып турат», — деди ал.

Өлкөнүн бул тармагын өнүктүрүү үчүн быйыл мамлекеттик бюджеттен «Узшаробсаноат» ишканасы менен Инновациялык өнүгүү министрлигине 30 миллиард сум бөлүнгөн. Мындан тышкары Өзбекстандагы 62 шарап заводун модернизациялоого кошумча дагы каражат каралган.

Булак: "centralasian"

Последние новости