www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
15-сентябрда Кашкадарыя облусунун Касан районунда 40 жаштагы мугалим асынып өлүүгө аракет жасаган. Аны мектептен келген кызы көрүп, аман алып калган.
Бул мугалим аял былтыр, 2018-жылы да өзүнө өрт койгон. Маалыматка караганда, анын 14 жаштагы кызын зордуктаган киши жазага тартылган эмес, айылда болсо анын үй-бүлөсү тууралуу айың кептер тараган. Буга байланыштуу ал өз жанын кыйгысы келген.
Ал эми кызы болсо "Бир күнү мен үйдө жалгыз болчумун. Кошунанын баласы темир сурап келип, жер төлөдөн зордуктап койду. “Кимдир бирөөгө айтсаң, өлтүрөм” деп коркутту. Эки жумадан кийин келип кайра зордуктады", -деп айткан журналисттерге.
Кыз кош бойлуу болуп, 2018-жылы 10-майда көз жарган.
Учурда жергиликтүү журналисттер жашы жете элек өспүрүмдү зордуктан жигит эмне себептен жоопкерчиликке тартылбаганын тактоо үчүн учурда райондук прокуратура, Аялдар комитети жана кыз окуган мектептин жетекчилиги менен байланышып, маалымат алуу аракетинде.
Булак: NazarNews.kg