www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстан мамлекеттик коопсуздук кызматынын төрагасы Абдусалом Азизов Кашкадарыя облусунун Яккабаг районуна барды.

Маалыматтарга караганда, атайын кызматтын башчысы Эски Якаббог айлына барып, бизнесмендин дүкөнүн түрттүрүүгө аракет жасаган акимдин орун басарын жана аткаминерлерди сынга алган.

Бул маалымат тууралуу 24.kg жазып чыкты.

Эскерте кетсек, эки күн мурун райондун акиминин орун басары Мансур Туймуевге каршы кол салуу болгон. Ага үйү бузулган жарандар бензин чачып, өрттөп жиберүүгө аракеттенишкен.

Абдусалом Азизов райондогу үйлөрү бузулган 34 жарандын арызын угуп, аларга 1 миллиард 700 миллион сум (200 миң доллар) төлөнөрүн убада кылды.

Буга чейин Ургенч районунун жашоочулары митинге чыгышкан. Алардын да үйлөрү бузулуп, бирок, компенсация төлөнгөн эмес. 

27-июлда премьер-министр Абдулла Арипов Өзбекстандын батышындагы Хорезм облусунун Ургенч районунун жашоочулары менен жолугушкан. Ал компенсация төлөнө баштаганы айтты. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости