www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Буга чейин NazarNews Түркиянын депутаты генерал Ширин Уналдын тапанчасы менен өзбекстандык 23 жаштагы Надира Кадырова өзүн-өзү атып салган маалыматты билдиргенбиз.

Түркиянын ММКсына таяна турган болсок, аталган депутаттын кызматкери Надира Кадырова өзүн-өзү 23-сентябрда атып өлтүргөн.

- Мага окуя болордон мурун Унал Ширин, “Надиранын колунда тапанча бар, ал тапанчаны алып эшикти ичинен жаап алды”, деп айткандан кийин эле телефондон байланыш үзүлдү. Ошол замат эле таксиге олтуруп, үйүнө бардым. Мен барсам сиңдим эбак эле каза болгон экен. Депутат Ширин Унал, мага болгон окуяны айтып берди. Тапанчадан чыккан ок, башына эмес, жүрөк тарапка тийген, -мындай маалыматты Надира Кадырованын эжеси билдирген. Андан сырткары депутаттын айдоочусу маркумду жерге берүүгө кеткен чыгымды төлөп бергендигин кошумчалаган.

Эске сала кетсек, Надира Кадырова өзүнүн жакын досуна бир күн мурун, “өтө жаман иштер болуп кетти, Мен агамдын жүзүн кантип караймын”, -деп айткан.

Учурда аталган окуя боюнча кылмыш иши козголгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости