www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бул окуя мындан бир нече жыл мурун болгон. Жаңы жылды ата-энем менен тоскум келип, Москвадан поезд менен чыккам.
Купеден үстүнкү орунга туш болуптурмун, бирок анысына өтө деле кайгырган жокмун. Себеби, жолоочуларым абдан шайыр кишилер экен. Жаш жубайлар, жана Таалай деген сымбаттуу жигит.
Жаш келин алып бараткан базарлыгынан бардыгыбызга ооз тийгизип, камдап койгон тамактары менен курсакты тойгузду. Ал эми Таалай түркүн анекдотторду жана күлкүлүү окуяларды айтып берип боорубузду эзди.
Андан кийин чыныгы мырза катары мага ылдыйкы орундукту сунуштады. Мен анын мага кам көрүп жатканына кубанып дароо макул болдум. Бардыгыбыз жайгашып, Таалай өйдө жака жатты.
Түнкүсүн ушундай сонун түш көрдүм! Көпкөк деңизде дельфиндер менен сүзүп жүрүптүрмүн. Кубанычым койнума батпай, тим эле бактылуумун. Бир кезде акула мен тарапка жакын келип, мени бутуман тиштеп алды. Кыйкырып ойгонуп кеттим.
Көзүмдү ачсам Таалай онтолоп колун кармап туруптур. Билегинен кан тамчылап жатат. Чоочуп: “Эмне болуп кетти?”, - деп сурадым. “Уктап жатып, полкадан учуп түштүм, колумду сындырып алдым окшойт”, - деди Таалай.
Таалай жалгыз жабыркабаптыр. Жыгылып баратып менин бутумду да басып алыптыр.
Бишкекке келерибиз менен поездден түшүп алып таксиге отуруп, ооруканага жетип бардык. “Бир айдан кийин больницадан чыгасыңар”, - деп дарыгер бизди сооротконсуду.
Ошону менен экөөбүз жаңы жылды дагы, эски жаңы жылды дагы ооруканадан тостук. Чыккандан кийин Таалай мени айылга чейин жеткирип келди. Себеби менин бутумдагы гипс алына элек болчу. Ата-энемдин үйүнө мени көтөрүп алып кирди.
Ошону менен алаканына салып жүрөт. Быйыл үйлөнгөнүбүзгө сегиз жыл болот экен. Бир уул, бир кызы бар бактылуу үй-бүлөбүз. Жаңы жылдык жаракаттарыбыз бактыбызга себепкер болду!
Келе жаткан майрамыңар менен!
Булак: "Билесиңби"