www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Памир Асанов адилеттүүлүк жүзүн айгинелөө аракетинде...

Адат болуп калгандай, өткөн жылды узатып, жаңы жылды тосуп алып жатып "Майдан" гезитинин окурмандарынын арасында жүргүзгөн сурамжалоонун негизинде өткөн жылдын мыктылары аныкталып, татыктуулар өздөрүнө арналган белек бечектерди алышып кубанышты.

Ошол кубангандардын арасында ИИМдин министринин орун басары, милициянын полковниги Памир Асанов бар. Бул тажырыйбалуу офицерге "Майдан" гезитинин окурмандары "Укук коргоонун мыктысы" деген наам ыйгарышты. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине кылмыш иштерин ыкчам ачуу жана сотко чейинки тергөө, иликтөө кызматтарын так жана өз убагында ишке ашыруу жүктөлөөрүн баарыбыз билебиз. Памир Асанов министрдин орун басары болуп иштеп жаткан ушул кызматта аз эле убакыттын ичинде уюштуруучулук жөндөмүн, ишке жоопкерчиликтүү мамилесин жана кол алдындагылар менен тыгыз байланышта иштеше алаарын көргөзө алды.

Өткөн жыл ИИМдин кызматкерлери үчүн чоң сыноолордон өткөн абдан маанилүү жыл болду. Себеби бул жылы 5 жаңы кодекс ишке киришип, Кыргыз Республикасындагы соттук-укуктук реформалардын негизинде ИИМдин ишинде мурда болуп көрбөгөн жаңылык: автоматташтырылган информациялык система "Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестри" киргизилип иштей баштаган. Мына ушундай жаңылыктардын иштеп кетиши үчүн көп күч жумшалып, Памир Асанов жетекчи катары тыным билбей калды. Түшүндүрүү, үйрөтүү, окутуу иштерин жолго коюп, ар бир кызматкердин өз милдетин так жана туура түшүнүшүнө жетшүү керек эле. Албетте түшүнбөстүктөр, жаңылыштыктар болбой койгон жок. Бирок анын баары өз убагында, жеринде түздөп, жалпысынан ИИМдин тергөө, иликтөө иштери жана али жаш, жаңы кана бир жашка толгон Жоруктар иштери боюнча башкармалыгы өз алдына коюлган милдеттерди жекелең аткара алды. "Сен мага эмне жегениңди айтсаң, мен сенин салмагыңды айтып берейин!" деген экен бир кыргыз, анын сыңарындай сандарды айта кетпесек болбос.

Жыл аяктаар алдындагы 10 айдын жыйынтыгына ылайык, "Бузууларын бирдиктүү реестри" берген маалыматтар боюнча ИИМде 357 603 бузуулар катталып, алардын ичинен 10 539на эскертүү берилип, баардыгы 347 064 бузуучуларга жалпы суммасы 546 642 500 сом айып салынган, анын ичинен 174 666 790 сому төлөнгөн. ИИМдин ишинде Тергөө кызматы менен Жоруктар башкармалыгынын ортосунда кылмыш материалдары боюнча "Бул жорук иш экен же бул кылмыш экен" деген бири бирине түртө салмай болбосу үчүн Памир Асанов кыраакылык менен байкоо жүргүзүп, ар бир ишке көңүл буруп турат. Ага министр атайын жалпы республиканын аймагында сотко чейинки өндүрүштү кароо боюнча тергөө кызматына жана жоруктар кызматына жалпы жонунан 200 чукул штат кызмат бөлүп берген. Бул кызматтар өз милдетин ийгиликтүү аткарып, азыр жетекчинин эл алдында жүзү жарык. Эми сөзүбүздү жыйынтыктап жатып, ИИМдин министринин орун басары, милициянын полковниги Памир Асановго алган наамыңыз кут болсун! Бул жаңырган жылы да ушул демиңизден кайтпай, ийгиликтерге жетише бериңиз демекчибиз!

Булак: "Майдан.kg"

 

Последние новости