www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Балдардын укугу бузулган фактыларга ыкчам чара көрүү, кризистик кырдаалдарга бөгөт коюу чараларын кабыл алуу үчүн Министрликке караштуу 111 кыска номери менен “Балдардын ишеним телефону” борбору – мамлекеттик мекемеси иштеп жатат. Бул тууралуу  Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги билдирди.

Борбордун психологдору абоненттерге, анын ичинде балдарга карата зомбулук жана ырайымсыз мамиле жасалган учурларда консультациялык-психологиялык жардам көрсөтөт. “111” номерине келип түшкөн чалуулардын бардыгы жазылат. Ошондой эле борборго күнү-түнү кайрылса болот.

Борбордун директору Марина Джапаркулованын айтымында «Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2019 – жылы 143630 телефондон кайрылуу (же орточо бир суткада 393 чалуу) түшкөн.

«Анын ичинен 1832 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган, 1120 абонентке жеринен телефон аркылуу сунуштар жана консультациялар берилди, 174 абонентке психологиялык консультация берилди, 538 кайрылуу башка тиешелүү органдардын, мекемелердин аймактык бөлүмдөрүнө алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган», - дейт ал.

1832 чалуунун  ичинен эркектерден – 457 (25,0%), аялдардан - 1375 (75,0%), балдардан – 263, анын ичинен эркек балдардан - 79 (30,0%), кыздардан - 184 (70,0%).

Түшкөн 1389 кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүчө:

- Бишкек шаарынан   –695 же 38,0 %;

- Чуй облусу –283 же 20,4%;

- Жалал – Абад облусу -  224 же 12,2%;

- Ош облусу – 205 же 11,2 %;

- Ысык - Көл облусу – 148 же 8,1%;

- Нарын облусу –76 же 4,1 %;

- Баткен облусу – 74 же 4,0 %;

- Талас облусу – 54 же 3,0 %.

Последние новости