www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн ЖКнын кезектеги отурумунда вице – спикер Аида Касмалиева Жалил Атамбаевге байланышкан териштирүү аягына чыгышы керек экендигин айтты. 

ЖК депутаты, Ж.Атамбаевдин өз ар-намысын 50 млн. сомго баалаган арызын кайтарып алуусу менен эле бул ишке чекит коюлбагандыгын билдирди.

“Ишкердин доо арызы - коррупция менен күрөштө жеңиш эмес. Журналисттин иликтөөсүндөгү ишкер мамлекеттен канча салыгын жашырып келген биз ушуга көңүл бөлүшүбүз керек. Бир жактуу эле журналистке басым жасап, аны каралоо туура эмес. Ыдырыс Исаков иликтөөсүндө бир тараптуу каралоого өткөн жок. Фактылар менен ачып жатат.  Биз иликтөө менен бир жактуу каралоонун айырмасын билишибиз керек” - деп айтты вице-спикер.

Парламент салыктан акча жашырган ишкерлерди толук көзөмөлдөшү керек, бирок, маселе райондук иш-чарага солдаттардай туруп берген депутаттардын көзөмөлдөөгө “духу” жетеби же ишкерлерге тиши өтөбү?

Алгач аткаминерлер журналисттик иликтөө менен бир жактуу каралоонун айырмасын билип алуусу керек го.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости