www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Адашкан үйүрүн табат» дегендей Армения Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) кайтып келди. ЕАЭБке мүчө мамлекеттердин экономикалык жактан өсүшү интеграция үчүн пайдалуу болууда. «Назарньюс» маалыматтык  порталынын билдиргенине караганда, бул тууралуу РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков "Известия" басылмасына маек берип жатып билдирген.

Анын айтымында, интеграция кызматташтыкка негизделип, бардык өлкөлөрдүн кызыкчылыктарына жооп бергенде маанилүү жана пайдалуу болот. "Армения, Кыргызстан, Беларусь, Орусиянын экономикасында өсүү темпин байкап жатабыз. Башкача айтканда, баарыбыз тең кооперациянын пайдасын гана көрдүк", — деген Песков.

Ал ЕАЭБге мүчө болуп кирген мамлекеттер биримдиктин алкагындагы кызматташуунун арты менен күчтүү болуп, эл аралык экономикадагы тобокелдиктерден коргонуп жатканын белгилеген. Белгилей кетсек, жакында Санкт-Петербург шаарында КМШ өлкөлөрүнүн лидерлеринин бейформал саммити жана Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйыны өткөн.

Анда Орусия президенти ЕЭАБ мамлекеттеринин экономикасында өсүү байкалганын белгилеп, биримдикти эл аралык абройлуу уюм деп атаган. Ошондой эле Орусия лидери ЕАЭБде өз ара сооданын көлөмү 10 жылда эки эсе өскөнүн да кошумчалаган.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости