www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Социалдык фонддун аймактарда иштеген кызматкерлеринин эмгек акысы орто эсеп менен 9 миӊ сомду түзөт. Келерки жылы аны 15-20 пайызга көбөйтүү үчүн бюджетте 19 млн сом каралууда. Ал эми башчысынын маянасы 23 миӊ сом. Бул тууралуу Соцфонддун төрагасы Медет Ирсалиев Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинде «КР Социалдык фондунун 2018-жылга бюджети жана 2019-2020-жылдарга божомолу жөнүндө» мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөр каралып жатканда билдирди. Ал өз маянасына кошумча төлөмдөр да кошула турганын кошумчалады.

Соцфонддун башчысынын айтымында, 2019-жылга Социалдык фонддун бюджетинин долбоору кирешелер боюнча 54 млрд 61 млн 345 миң сом, 2020-2021-жылдарга 57 млрд 426 млн 512 миң сом жана 60 млрд 992 млн 94 миң сом көлөмүндө түзүлдү. “2019-жылы камсыздандыруу төгүмдөрүнүн түшүшү эмгек акы төлөө фондунан 27,25 пайыз камсыздандыруу төгүмдөрүнүн ченинен улам аныкталды. Алардын 23 пайызы Пенсиялык фондго, 2 пайызы Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондуна, 2 пайызы Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна, 0,25 пайызы Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна чегерилет”, - деди ал.

Ошондой эле, 2019-жылы камсыздандыруу төгүмдөрүнүн түшүшү 32 млрд 744 мле 294 миң сом өлчөмүндө пландалганы белгилүү болду. Ал эми республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттардын түшүшү 20 млрд 965 млн 930 миң сом өлчөмүндө каралган. Пенсиялык фонддун кирешелери 2019-жылы 49 млрд 763 млн 114 миң сом көлөмүндө пландалууда. Ал эми 2019-жылдын бюджет долбоорунда пенсияларды көбөйтүүгө 659 млн 209 миң сом көлөмүндө каражат каралды деп билдирди Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости