www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Билим берүү жана илим министрлиги Кадамжай районунун Өрүкзар айылындагы Өрүкзар орто мектебинин 9-класстарынын окуучулары кабылган жол кырсыгы тууралуу билдирүү таратты.
"Кадамжай райондук билим берүү бөлүмүнүн №16 аппараттык кеңешмесинин протоколдук чечиминин негизинде Өрүкзар орто мектебинин директору А.Алимбаевге эскертүү берилип, тарбия иштери боюнча директордун орун басары А.Калбаев, соцпедагог А.Коргонова менен Г.Сабирова кызмат ордунан бошотулду.
Ал эми 9-а-б-классынын класс жетекчиси Г.Закирова менен А.Үрүстөм кызы Кадамжай райондук билим берүү бөлүмүнүн №01-09/9 буйругун аткарбагандыгы, “Билим берүү жөнүндөгү” мыйзамга каршы жасаган иш аракеттери жана окуучулардын ден соолугуна доо кетирип, өмүрүнө коопсуздугун сактабагандыгы үчүн иш ордунан бошотулду", - деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, 1-июнда Кадамжай районундагы Өрүкзар орто мектебинин 9-классынын окуучулары класс жетекчилери Г.Закирова жана А.Үрүстөм кызы менен “Hyundai Porter” автоунаасы менен виньеткага сүрөткө түшкөнү бара жатканда жол кырсыгына кабылган. Автонааны А.Үрүстөм кызы башкарып бара жатканда унаанын борту сынып кетип, окуучулар жерге кулап түшкөн.
Кырсыктын кесепетинен улам 9 окуучу Кадамжай райондук жалпы дарыгерлер практикалык борборуна жеткирилип, медициналык текшерүүдөн өткөрүлгөн. Жыйынтыгында 2 окуучу кыз жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Учурда кыздардын абалы жакшы.
Булак: NazarNews.kg