www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Режеп Таййип Эрдоган: "Бирдиктүү адамзат жеңет, бир туугандык жеңет. Тынчтык жана туруктуулук жеңет. 86 миллион жараны бар түрк эли жеңет», - деди. Бул тууралуу трт кыргызча жазып чыкты.

Президент Эрдоган Битлисте Малазгирт жеңишинин 955 жылдыгына арналган иш-чараларда сөз сүйлөдү.

Сөзүн: "Малазгирт жеңинен Стамбулдун каратылышына чейин, Чанаккаледен Улуттук күрөшкө чейин, терроризмге каршы күрөштөн 15-июль дастанына чейин, миң жыл бою бул ыйык мекен үчүн, бул асыл улут үчүн жанын берген бардык шейиттерди бүгүн дагы бир жолу таазим кылып эскерем" деп баштаган Эрдоган: "Бир келечекти, бир максатты, бир үмүттү көздөгөндөр бул жерде. Түрктөр, күрттөр, арабдар, алевилер жана сунниттер ийиндешип тургандар бул жерде", - деди.

Эрдоган сөзүн мындайча улантты:

«Эч кимдин күмөнү болбосун. Улуу жана күчтүү Түркиянын таңы атты. Түркия кылымынын курулушу башталды. Эки жыл мурун Ахлаттан белги берген «Террорсуз Түркия» процессибиз максатына жеткенде, Кудай буюрса улутубуздун алдында жаңы доор ачылат. Кан соодагерлери утулат, террордон пайда көргөндөр утулат. Географиябызды туруксуздукка түрткүсү келген геноцидчи күчтөр утулат. Бирдиктүү адамзат, бир туугандык, тынчтык жана туруктуулук жеңет. Жеңүүчү 86 миллион жараны менен түрк улуту болот».

Президент мындай деди:

«Түркия жана түрк улуту, географиябыздагы бардык бир тууган элдер менен бирге жеңет. Биз мунун кимди тынчсыздандырарын билебиз. Мен аларга айтам: эмне кылбагыла, силер бизди жолубуздан токтото албайсыңар. Түрктөр, күрттөр жана арабдар катары биз бир тууганча кучакташуубузга тоскоол боло албайсыңар».

Последние новости