www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Өгүздүн оюу чөптө, өкмөттүн оюу көптө» дегендей Өкмөт башчысы Мухаммедкалый АБЫЛГАЗИЕВ өкмөттө жыйын өткөзүп,  президент эс алууга кетти эми кандай иштейбиз деп калат:

-Кандай иштесек ошондой эле иштейбиз, ар бир иштин өз убагында бүтүшүн каалайм! - дейт алгач сөздү биринчи вице-премьер министр Кубатбек БОРОНОВ алып;

-Тажикстан тарап тынчыбай турат, тажиктерге жер берип койсок тынчыйт эле,-дейт экинчи болуп «тажик тыңчысы» расмий наамы бар вице-премьер- министр Жеңиш РАЗАКОВ;

-Таалайгүл Сабырбековна экөөңүздөргө күч кубат берсин, али жашсыздар-дейт «подружка» вице-премьер-министр Алтынай ӨМҮРБЕКОВА;

-Мен да кийик атсамбы деп акактап жүрөм!-дейт дагы бир вице-премьер-министр Замирбек АСКАРОВ;

-Электрэнергиясынын тарифине өчүм бар, сөзсүз көтөрөм, –дейт Энергетика министри Эмил ОСМОНБЕТОВ;

-Анатомиялык белгилер менен айтканда менин өпкөм тубаса калдайып чоң. Географиялык-генетикалык шарт ошондой. Министр абалымда кекиртегим да «Безразмерный» чоюлуп баратат, андан тышкары албетте, кардым да акча каражаты үчүн көлөмдүү,  - дейт Саламаттыкты сактоо министри ЧОЛПОНБАЕВ Космосбек  чыгып;

-Менин деңгээлим ефрейтордой эле, бирок генералдарды бийлеген кызматка отурдум.  Арийне, сырткы формам генерал болгону менен, ички мазмунум ефрейтор бойдон калды, – дейт андан соң  Коргоо министри ОПУМБАЕВ Орозбек;

Кезекти Билим министри, катаны көп жазган алат КУДАЙБЕРДИЕВА Гулмира Каримовна:

-Ката жазса эмне экен, эл  мага «2» деген баа коюшуп, бул орунга жарабайт дешет... Арийне, иштеп эле жүрөм.

Каржы министри ЖЕЕНБАЕВА Бактыгуль туурадан чыгат:

-Быйыл да бюджет 14 млрд. сомдон ашуун тартыштык менен баратат, бирок биз жеткизип жатабыз.

 Өзгөчө кырдаалдар министри МИРЗАХМЕДОВ Нурболот Сабиржанович :

-Кыргызстан сейсмологиялык аймак, ошол үчүн жер титирөөлөрдөн дайыма сак болушубуз керек, – дейт.

Айыл чарба министри ЧОДУЕВ Эркинбек Ураимович:

-Үй жаныбарларына паспорт алып койдук, мактап койсо кулжа, текеден өйдө паспорттоштуруп койом, - дейт.

Ички иштер министри ЖУНУШАЛИЕВ Кашкар Астаканович:

-Коррупция деген бар абайлагыла!-дейт жан-жагын карап.

 Экономика министри МУКАНБЕТОВ Санжар Турдукожоевич:

-Заманга жараша өзгөрүп турам.

Транспорт жана коммуникация министри БЕЙШЕНОВ Жанат Саматович:

-Санариптик берүүлөр учурдун талабы, жол куруу дагы, уруу дагы.

Социалдык жактан өнүктүрүү министри КОЧКОРОВ Улукбек Тойчубаевич:

-Социалдык жактан өнүктүрүүгө муктаждар көп, ал эми капиталисттик жактан өнүккөндөр да жок эмес.

 Маданият, маалымат жана туризм министри ЖАМАНКУЛОВ Азамат Капарович:

-Чектен чыккан маданияттуулук деген эмне?  Үйдөгү төшөккө чыгып, жиби жок эле секирип кеткенден көрө, Сочиге барып аскадан жип менен секирген оң.

Анда  Адилет министри ДЖАМАНКУЛОВ Марат Тургунбаевич минтип айтат имиш:

-Адилет министри болгонум менен адилеттүүлүгүм жок эмеспи, ошондуктан өкмөт эмес, партиям өссө экен дейм!

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

Последние новости