www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 12-декабрь залкар жазуучунун туулган күнүн утурлай, Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган иш-чара өтүп жатат.

Ага президент Сооронбай Жээнбеков баш болгон бийлик өкүлдөрү катышууда. Жээнбеков мааракеде сүйлөп жатып, Манас жана Айтматов академиясын түзүү демигесин колдой турган айтты.

Чыңгыз Айтматов 1928-жылы 12-декабрда Таластын Шекер айылында туулган. Ал совет доорунда эле “Жамийла”, “Саманчынын жолу”, “Гүлсарат”, “Бетме-бет”, “Ак кеме”, “Кылым карытар бир күн”, “Кыямат” сыяктуу мыкты роман-повесттери менен дүйнөгө таанылган.

Белгилей кетсек, Чыңгыз Айтматов мамлекеттик иштерге да жигердүү катышып, СССРдин Люксембургдагы элчиси болуп кызмат өтөгөн. СССР таркагандан кийин Кыргызстандын Бенилюкс өлкөлөрүндөгү элчиси кызматын аркалап келди. Жазуучу 2008-жылы 10-июнда, Германияда дарыланып жаткан жеринен көз жумган.

Эскерте кетсек, Айтматовдун туулган күнүнүн урматына 12-декабрь Кыргызстанда улуттук адабияттын күнү деп жарыяланган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости