www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өкмөттүн соттук реформа боюнча сунушун депутаттар тоготпой жатканынан улам парламенттин таркай турганы айтылып жаткан. Айткандай эле кечээ, 30-сентябрда Перунун президенти Мартин Вискарра андай чечимди көпчүлүккө билдирип, кезексиз парламенттик шайлоо болорун жар салган. Мындай маалымат менен Лимадагы жергиликтүү булактар бөлүшүүдө.

Анда айтылгандай, Вискарра “Биз күчүбүздүн жетишинче парламент менен бирге алга карай кетүүгө аракет көрдүк. Бирок, биз коррупцияны коргоо боюнча сөз болгондо тынч олтуруп кала албайбыз, кантсе дагы мындай маселеде келишүүгө болбойт” деп элге кайрылуу жасаган. Ошону менен катар Перунун лидери бул сөзүндө өлкөнүн Конституциясы боюнча, президент мыйзам чыгаруучу органды таркатуу укугуна ээ экенин белгилейт. Ага таянып, өлкөнүн өнүгүшү үчүн элди кезексиз шайлоого активдүү катышууга чакырык дагы таштап салды.

Белгилей кетсек, Перудагы саясий кризис, Конституцилык соттун мүчөлөрүн тандоо маселесинен улам жаралган. Министрлер кеңешинин төрагасы Сальвадор дель Солар, сотторду тандоо үчүн өкмөткө ишеним көрсөтүү боюнча маселени добушка койгон. Бирок, мыйзам чыгаруучулар жана аткаруучулар мында бир пикирге келе алышкан эмес.

Тагыраагы, депутаттар бул маселени кароону кийинкиге жылдырып келишкен. Мындан улам Вискарра парламентти тарката турганын айткан жана ал сөзүн далилдеп олтурат.

Айтмакчы, дагы бир башка маалыматтарда, бүгүн, 1-октябрда, Перу өлкөсүнүн башчысы өз жарлыгы менен Министрлер кеңешинин төрагасын алмаштырды. Дель Солардын ордуна юстиция министри Висенте Себайосаны алып келген.

Перу парламенти дагы президентке катуу каршылык көргөзө баштады. Эл өкүлдөрү Вискарраны өлкөнү башкарууга жөндөмсүз деп таап, анын ордуна министрлер кеңешинин мурдагы төрагасы, учурдагы вице-президент Мерседес Араосту убактылуу өлкө жетекчилигине тандашты. Анткен менен аталган өлкөнүн күч структуралары жана региондордогу губернаторлор Вискарраны тандап жатышат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости