www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 1-ноябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Президент Сооронбай Жээнбеков менен донордук уюмдардын өкүлдөрү жана Кыргызстанды өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн жолугушуусуна катышты.

Жолугушууда Төрага Дастанбек Жумабеков өнөктөштөрдүн колдоосун жогору баалай тургандыгын билдирип, алар өлкөгө өзгөчө салым кошуп жатканын кошумчалады. Ошондой эле Төрага эл аралык өнөктөштөр ири жана маанилүү долбоорлорду ишке ашырууга ырааттуу көмөк көрсөтүп келгенин да белгиледи.

Эскерте кетсек, аталган жолугушууга дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты. Донордук жардамды координациялоо боюнча баарлашуу аянты дайыма өткөрүлүп, аны менен Стратегиялык өнүгүү боюнча Улуттук кеңештин катчылыгы алектенет.   

Булак: NazarNews.kg

Последние новости